Витаминге бай петрушка

Витаминге бай петрушка
15-Дек. 2018, Ишемби, 10:56

Петрушка организмге керектүү жана пайдалуу курамга ээ. Аскорбин кычкылынын кору (С витамини) көп делген жемиштер менен мөмөлөрдү ашып түшөт. 100 г жаш жашыл петрушкада С витамининин болжолдуу турдө эки суткалык корун бар. Бул лимонго караганда болжол менен 4 эсе көп. Петрушка көп өлчөмдө керотин бар жана бул көрсөткүч сабиздикинен кем эмес. Мындан сырткары 100 г петрушкада эки суткалык А витамининин кездештире алабыз. Петрушкада кандагы глюкозанын алмашуусун жолго койгон инулин бар.

100г петрушкада 60 ккал. бар. Бул эки жылдык өсүмдүк. Жашылча чөп катары өстүрүлөт, бирок анын дарылык өсүмдүк катары да пайдаланышат. Петрушканын курамында A1, B1, B2, C жана E витаминдери, ошондой эле, натрий, фосфор, темир жана магнийди кездештирсек болот. Өзүнүн бай курамынын артында азыркы күндө петрушканы турдүу косметикалык каражаттарга (крем, лосьон, маска) кошуп келишет.

Петрушка ашканада

Петрушка тамырын көбүнчө тамак-ашта жана салаттарда колдонушат. Анын жыпар жытуу жалбырактары көп колдонулган татымал болуп саналат жана ашкана чөптөрүнүн арасында өзгөчө орунга ээ. Ошондой эле, даяр тамак-аштарды кооздоо ыретинде дапайдаланып келишет. Петрушка бүтундөй дүйнөгө белгилүү жана италия, француз же араб ашканаларында бааланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!