Джинсы кийимдерин кандай жууш керек?

Джинсы кийимдерин кандай жууш керек?
20-Апр. 2017, Бейшемби

Биздин күндөлүк турмушубузда джинсы кийимдеринин алган орду өзгөчө. Өзгөчөлүгү бул материалдардан тигилген кийимдерсиз жашоону элестете албай калдык. Ошондой болсо бул кийимдин кантип жууш керек деген суроо туулат?


1. Джинсы кийимдерин жылуу сууда жууган туура болот. Тагыраак айтсак, суунун температурасы 40 градустан ашпаганы жакшы. Ал эми кир жуугуч айнанын курамында агартууга арналган химиялык заттар болбошу керек. Ал кийимдин түсүн чыгарып жибериши мүмкүн.

2. Кара же болбосо түрдүү түстүү джинсыны уксус кошулган жылуу суу менен жууса жакшы. Бул ыкманын негизинде кийимди баштапкы калыбындагыдай сактап калууга болот.
3. Эскертип кетүүчү нерсе эгер кийимиңизди кир жуучу машинада жуй турган болсоңуз, сыккан учурда барабандын айлануусу 800 айн/мүнөттөн ашпашы керек.
4. Кийимди кир жуучу машинага салаардан мурда жабышкан кир жана жип-шууларды чайкап агызып салган жакшы. Ал кийимдин алгачкы формасынан айрылып калбашы үчүн керек.

5. Джинсыны тик тийген күн нурларынын алдында жайып кургатууга болбойт.
6. Жакшы кургабаган кийимди кийип алууга болбойт. Себеби шымыңыз чоюлуп, тартымдуулугу жоголуп калышы мүмкүн.
7. Джинсы кийимдерин жууган кезде суу боёк болуп калат. Бирок мындан коркуунун кереги жок. Сапаттуу кийимдердин боёгу сууга салганда чыкканы менен өз өңүн жоготпойт.
8. Кургаган кийимди коркпой үтүктөй берүүгө болот. Бул кездемеге кошумча жумшактык берип, денеге жагымдуулук тартуулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!