Ар түрдүү тактардан арылуу жолдору

Ар түрдүү тактардан арылуу жолдору
10-Май 2017, Шаршемби

Азыркы убакта тактарды кетирген атайы айналар менен суюктуктарды дүкөндөрдөн оңой таап алууга болот. Ал эми үй шартында ошол тактарды оңой жана арзан кетирүүгө болору туурасында ойлоп көрдүңүз беле? Ар бир кийимди бузуп албай, тактардан арылуу үчүн эң алгач кандай кездемеден тигилгенин аныктап алыңыз. Өзгөчө ачык түстөгү назик кездемелердин тагын кетирүүдө абайлап иш алып баруу керек. Андан соң сиз тандаган жардамчы каражаттын материалга зыяндуулугунун бар жогун аныктоо үчүн кездемени аңтарып ички бетине колдонуп көрүңүз. Күндөлүк турмушта көп кездешкен тактардан кантип кутулууга болот?

Шоколад, кофе жана какаодон, ошондой эле балыктын майы менен соустардан калган тактарды жылуу (ысык эмес) глицериндин жардамы менен кетирүүгө болот. 35ºС жылытылган глицеринге кездемени малып, такты бир нече ирээт эзип, андан кийин адаттагыдай жууп салыңыз.

Чөптөрдөн болгон тактарды нашатырь спирти кошулган көбүртүлгөн самын жакшы кетирет.

Бүлдүркөн менен кызыл шараптан жуккан тактарга жумуртканын сарысы менен глицерин кошулмасы эң жакшы жардамчы болмокчу. Даяр болгон кошулманы такка 2-3 сааттай сүйкөп коюу керек, андан кийин жылуу суу менен жууп салсаңыз болот.

Бут кийим майлоочу майдан тийген такты кадимки бензиндин жардамы менен кетирүүгө болот.

Ал эми кою чай төгүлүп кетсе шашпаңыз! Сизге глицерин менен нашатрь спиртинин кошулмасы жардам берет.

Эгер кийимиңизге кандын тагы түшсө алгач муздак сууга бир нече саат салып коюңуз да, кийин ысык же болбосо жылуу сууга жакшылап жууңуз.

Йоддун айынан пайда болгон такты кадимки картошканын крахмалы менен кетирсеңиз жакшы натыйжа берет. Такты муздак суу менен нымдап алып, так кеткенче крахмал менен сүртүп жууйбуз.

Ал эми кийимиңизди сыя менен булгап алсаңыз, валерянканы колдонууну сунуш кылабыз. Бир марли кездемесин валерянкага малып аласыз да, так кеткенче сүртөсүз.

Жаңы гана тийген май тактарын кадимки кайнатылган туз эритмеси менен дароо сүртүү керек. Ал өзүнө майды сиңирип алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!