Аспириндин пайдасы

Аспириндин пайдасы
10-Май 2017, Шаршемби

Жакшы көргөн ак блузкаңызда тердин тагы калып кетпей жатса, эки таблетка аспиринди майдалап, жанчып алып, чынынын түбүнө жылуу суу куюп, аралаштырыңыз. Кирдеген жерге жогорудагы эритиндини куюп, эки үч саат ушундай калтырыңыз. Кирдеген жери өз эле чыгып тазарып калат.

Көпчүлүк бетке чыккан безеткиден көп кыйналып келет. Бир таблетка аспиринди майдалап, бир эки тамчы суу тамчылатып, боткодой кылып алып бетке сүйкөйсүз. Бул ыкманы эки мүнөт кармап туруу керек. Ушул эле ыкманы бир нече ирээт кайталап жасап туруу кажет.

Башыңыз какачтап кетип жана андан арылуу үчүн эмне кылууну билбей жатсаңыз анда бул ыкма сиз үчүн. Ал үчүн эки таблетка аспиринди эзип, башты жууй турган кезде эзмени шампунга кошуп, бир-эки мүнөт кармап, артынан таза суу менен чайкайсыз.

Аспирин бакчага да пайдалуу. Майдаланган аспирин тамыр системасына кубат берип, сууга эритилген аспирин топуракты азыктандырат.

Роза жана башка үзүп алган гулдөрдү узак убакыт сактоо үчүн суу куюлган кумарага бир таблетка аспиринди салып коюу керек. Болгону сууну алмаштырып турганды унутпоо зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!