Кофе дарагы

Кофе дарагы
12-Май 2017, Жума

Эң жакшы белек-бул өз колуң менен жасалган белек болот эмеспи. Кичинекей сувенирлер ар дайым жакшы маанай тартуулайт. Жакшы көргөн адамдардын өздүк майрамдарында өз колуң менен белек жасап кубантуу сиздин дагы маанайыңызды көтөрөт. Ал үчүн профессионал адис же талантуу болуунун кереги жок. Кофе дарагы үчүн колдо болгон баардык материалды колдонсо болот жана сиздер үчүн кофе дарагы кантип жасалаарын баяндамакчыбыз.

Кофе дарагы

Ал үчүн: кофе дандары, стакан, боёк үчүн кисть, ПВА клейи, күрөң түстөгү жип, анча чоң эмес гүл идиши, кум же майда таштар, карандаш, атлас лентасы, гипс, пенопласт шары (диаметри 7 см) керектелет.

Жасалуу ыкмасы:

Шарды күрөң жип менен ороп чыгыңыз. Бул кофе дандары жакшы жабышып кармап турушу керектелет. Жиптин учтарын клейдин жардамы менен чаптап чыгыңыз. Шардын айланасында диаметри 1 сантиметр болгон жер калтырып коюңуз да шарга ПВА клейинин жардамы менен кофе дандарын чапташтырып чыгыңыз. Эң жакшысы клейди бир жерге сүйкөп алып анан гана кофе дандарын чаптап чыксаңыз сизге оңой болот. Чаптап чыкандан кийин клей кургаганча шарды бир нече мүнөткө коё туруңуз. Андан соң экинчи катмарын чаптап баштасаңыз болот. Бул учурда дандарды биринчи катмардагы калып калган тешикчелерди толтуруп чаптап чыгуу керек. Качан гана чаптап бүткөндөн кийин шардын кургашын күтүү кажет. Кургаган шарга бутак жармаштыруу прцесси үчүн гипсти сууга эритип ага ага кофе куясыз. Даяр болгон гипсти гүл идишине куюп, ага бутак отургузуңуз. Гипс кургашы үчүн аны түнү менен коюп коюңуз. Эртеси идиштин ичин кум же майда таштар менен толтуруп, ал эми бутагын атлас лентасы менен ороп чыгыңыз. Мына ошентип биздин кофе дарагыбыз да даяр болду бул жагымдуу белек ар кимдин купулуна толот деген ойдобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!