Үйдөгү курт-кумурскаларга каршы күрөшүү

Үйдөгү курт-кумурскаларга каршы күрөшүү
31-Май 2017, Шаршемби

Таракандан кутулуу үчүн жыттуу ромашканын кадимки эле аптекаларда сатылганынан же терип алып полго, керебетке же үстөлдөрдүн алдына сээп койсо алар бул кескин жытты көтөрө алышпайт. Ал эми жол жээктеринде өсүүчү кадимки танацетум (пижма) деген чөптөн курт-кумурсканын баары качышат. Аталган чөп кумурскаларды такыр өлтүрө албаса да алар үчүн жагымсыз жыт келет.

Ошондой эле кумурскалар лимон, бор, туз, тамекинин жытынан качышат. Үйдүн кумурска чыккан жерлерине ушулардын бирин сээп койсо жардам берет.

Үйүңүзгө чакыруусуз келген коноктордон арылуунун жолдору кандай жана аларды канткенде жок кылууга мүмкүн?

Керектелүүчү заттар:

1 стакан жылуу суу

1\3 стакан шекер

1 чоң кашык айна

Кебез

Жасалуу жолу:

Баардык азыктарды аралаштырып, кебезди даяр болгон аралашмага малып алып кумурскалар жүргөн жолдорго шыбаңыз. Мындай жол менен үйдөгү курт-кумурскаларды жок кылууга жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!