Жөнөкөй, бирок, пайдалуу

Жөнөкөй, бирок, пайдалуу
6-Июнь 2017, Шейшемби

Туз

Туздуу сууга чыланган чүпү­рөккө сырды ороп туруп муздаткычка салып койсоңуз, сыр узак убакытка сакталат.

Ичи май кө­мөч­танга текши кылып туз сээп, бир канча мүнөттөн соң жуусаңыз, май оңой кетип, ичи таза жуулат.

Сүт ирип калбаш үчүн ага азыраак туз салып коюу жетиштүү.

Тердеп, жыттанып кеткен бут кийимдин ичине туз сээп койсо, жагымсыз жыт жок болот.

Сүлгүнү таза жууп-чайкагандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт чыла­саңыз, жупжумшак болуп калат.

Пияз, сарымсак, балык жыттанган колду туз менен сүртүп, андан соң самындап жуусаңыз, жагымсыз жыт калбайт

Бычакты өтө туздуу эмес сууга 30 мүнөт салып коюп, андан кийин гана курчутса, жакшы курчуйт жана көпкө мокобойт.

Самын

Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында ко­лу­ңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.

Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.

Кумшекер

Нан, токочтор салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.

1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.

Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен сүртүңүз. Анткени ал майды оңой кетирет.

Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз, ойдогудай күйө баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!