Алманын пайдасы менен зыяны

Алманын пайдасы менен зыяны
13-Июнь 2017, Шейшемби

Алманын зыяндуу жагын билесизби? Эң жөнөкөй суроо. Сиздердин көпчүлүгүңүздөр алманын пайдалуу гана жактарын айтат экендигиңизге ишенебиз. Бирок, диетолог адистер алманын зыяндуу жактары бар экендигин эстен чыгарбоо кеңешин айтып келишет.

Алманын курамында С, В1, В2, Р, Е витеминдери менен марганец, калий, кальций, фосфор, натрий, молибден, цинк, барий микроэлементтери бар. Алмадагы темир кандын айлануусуна өтө керектүү зат. Ошондой эле анда клетчатканын өтө көп бөлүгү кездешет. Алма боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карын жумуштарын жакшыртат. Бет терисинин түсүн жакшыртып, жаш жана сулуу кылып көрсөтөт. Холестериндин өлчөмүн азайтып, ичтин катуусун алдын алып, диареяны эмдеп, иммундук системаны күчтөндүрөт.

Жогорудагы тизмекти көрүп, эч кандай начар жактарды байкабагандыгыңызды айтарсыз. Ашыкпаңыз, диетологдор алманын курамындагы клетчатканын көп өлчөмдө болуусу колит оорусуна алып келерин белгилешти.Ошондой эле, ашказан жана ичеги-карын ооруларына зыян алып келүүсү ыктымал.

Экинчиден, курамындагы кычкыл ашказан жарасын чоңойтуп жиберүү коркунучу бар.

Үчүнчүдөн, алманын кычкылы тиштин эмалына каттуу таасир берет. тактап айтканда аны жукартып, тишти сезимтал кылып таштайт. Алма жалбырагынан демделген чайды көп ичпеңиз, анын кант диабетине чалдыктыруусу далилденген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!