Банандын кабыгынын алты касиети

Банандын кабыгынын алты касиети
16-Июнь 2017, Жума

1. Күмүштү тазалайт

Банандын кабыгы өңү кетип калган күмүш заттарды калыбына келтирет. Ал үчүн кабыкты блендерде тиш пастасына окшогончо суу куюп эзебиз. Артынан жумшак кездеме менен күмүштү тазаласак, аз-аздан кара тактарды кетип жаткандыгын көрөсүз. Андан кийин күмүштү банан кабыгынын калдыктарынан тазартып, жылтыратуу үчүн жумшак кездеме менен жакшылап сүртөсүз.

2. Бут кийимге арналган май
Банан кабыгынын курамындагы майлар бут кийимди тазалап, жылтыраттыш үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Бут кийимди кабыктын ички жагы менен сүртүп, үстүнөн кургак кездеме менен сүртөсүз.

3. CD же DVD дисктердин сүрүлгөн жерлерин калпына келтирет
Сүрүлгөн дискти эң алгач, банандын өзү менен сүртөбүз, артынан 2 мүнөт боюу банандын кабыгы менен сүртөбүз. Андан кийин дискти терезе тазалоого арналган затка малынган жумшак кездеме менен сүртүп, кургатып коёбуз. Банандын жумшагы менен кабыгындагы маңыз дискти тазалоого жардам берет.

4. Тишти агартат
Кадимки тиш пастасы менен тишиңизди тазалап бүткөндөн кийин, тиштериңиздин үстүн банан кабыгынын ички бөлүгү менен эки мүнөттөй сүртүңүз. Кабыктагы калий, кальций, магний, марганец жана фосфор сыяктуу минералдар тишке пайдалуу жана аны агартууга таасирин тийгизет. Артынан банандын калдыктарын кетирүү үчүн тишиңизди дагы бир ирет жууп, тишиңизди агартуу үчүн ушундай күнүнө 1-2 ирээттен кайталап туруңуз.

5. Тикенекти чыгарат
Эгер денеңизге тикенек кирип кетип, аны ала албай калгандай жагдай болсо, тикенек кирген жерге банандын кабыгын ички бети менен коюп, 24 саатка чейин таңып коюңуз. Банан кабыгындагы ферменттер тикенекти теринин сыртына чыгарып, жаранын тезирээк жазылып кетүүсүнө таасирин тийгизет.

6. Жараны дарылайт
Банандын кабыгынын курамындагы түрлүү табигый майлар менен ферменттер күндөн күйүдөн сактайт, жараны тез айыктыруучу касиетке ээ. Ошону менен катар, ал чиркей чаккан жерлерде пайда болгон шишиктерди да басат. ал үчүн банандын кабыгынын ички жагы менен жарага же болбосо чагылган жерге коюп таңып таштасыз. Күнүнө бир нече ирээт ушундай жасасаңыз, жара тез айыгып кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!