Жумуртка жөнүндө

Жумуртка жөнүндө
20-Июнь 2017, Шейшемби

Жумуртка протеиндин мыкты запасы. Мындан сырткары темир, күкүрт, А жана В витаминдерин камтыйт. Ушул себептүү орточо бифштекстин ордун алмаштыра алат.

Баланын чоңоюусуна жана жарааттардын айыгуусуна таасири жакшы. Ошондой эле баарына белгилүү болгондой энергиянын булагы. Андыктан жаш балдар үчүн маанилүү азык. Диета кармагандар үчүн да жумуртка жакшы тамак болуп саналат. Себеби, анда адамдын бир күндук керектөөсү камтылган. Калориясы аз болуу менен бирге каны аздар жана кара жумушта иштегендер үчүн тоюмдуу.

Жумуртканын сырлары

Жумуртканы жарыкка каратканда жалтырап турса жаңы; кирчимел, тагы бардай, тунук болбосо эски болот.
Жаңы жумуртканы чайкаганда аба көңдөйү болбогондуктан чайкалбайт.
Жумуртка оор болсо эски, эгер туздуу муздак сууга салганда чөгүп кетсе жаңы болот.
Жумуртканы чакканда жайылып кетпей чогуу болуп, калыбын сактаса жапжаңы. Белогу жайылып, сарысы болгонундай эле калса да жаңы.
Эгер эски жумуртка болгон болсо анда сарысы да, агы да калыбын сактай албай калат, муну жегенге да болбойт.

Кантип сактоо керек?

Жумуртканы көпкө сактоо үчүн кайнак суу даярдайсыз. Андан соң жумурткаларды 5 секундга салып, кайра заматта чыгаруу зарыл. Бирок, белгиленген убакыттан ашпоого аракет кылуу жасаңыз.
Жумуртканы бир кружкага чагып саласыз да, үстүнө бир аз муздак суу куюп койсоңуз жакшы сакталат. Жарылып калган жумурткаларды чакпастан эле ошол жарака кеткен жерин лимондун суусу менен сүртүп койсо да болот.
Ал эми муздаткычта сактоодо болсо, жумуртканын шуштугуй жагын төмөн каратып коюу менен 10-15 күн кармоого болот.
Жумуртканын сарысын эле сактагыңыз келсе ошол идишке бир аз суу кошуп муздаткычта сактасаңыз болот.
Жумуртканы жуубастан туруп сактоо зарыл, себеби, анын коргоочу катмары жоголот.
Кабыгы өтө кир болгон жумуртканы да азыр колдонбосоңуз жуубаңыз. Суу анын кабыгындагы тешикчелерди көбөйтүп жиберет.

Бышыргандачы?

15 мүнөт кайнаткан соң жумурткаңыз даяр болот. Ал эми чала бышырып жегенди сүйсөңүз 3 мүнөт эле кайнаткан жетиштүү. Күнүмдүк жаңы жумурткаларды чала бышырууда этият болуңуз. Себеби, мындай жумурткалар кайнак сууда бат жарылып, агы сыртка чыгып калат. Эгер убактын биле албасаңыз, суу кайнаган соң 100гө чейин жай санасаңыз сиз каалагандай болуп бышат.
Жумуртка кабыгы – организмге эң керектүү кальцийдин булагы. Өзгөчө экологиясы таза аймактарда жашаган жапайы куштардын жумурткасы баалуу.
Кальцийдин жетишсиздиги ден соолукка чоң зыянын тийгизет. Организмде кальций жетишпеген аялдардын жатын булчуңдары алсызданат да, төрөө кыйынга турат. Балдарда болсо рахит менен тиштердин туура эмес өсүүсүнө алып келет. Булардан тышкары кальцийдин жетишсиздиги аз кандуулукка (анемия), суукка бат-бат урунууга ж.б. кабылууга жеткирет.
Организми кальцийди талап кылган адамдар бор, топурак ж.б. жешет. Булардын организмде сиңүүсү кыйындык жаратат. Ал эми буларга караганда жумуртка кабыгы оңой сиңирилет. Жумуртка кабыгынын курамы фтор, жез, темир, фосфор, цинк ж.б. болуп, 27 элеметтен турат. Ошондуктан жумуртка кабыгы сыныктын эрте бүтөлүүсү, жүрөктүн жакшы иштешине салымын кошуп, анемиядан, рахиттен, аллергиядан ж.б. оорулардан кутулта алат. Ушул себептүү жумуртканын кабыгын жаратылыштын белеги катары кабыл алып, пайдалануу зарыл.

Жумуртка кабыгын даярдоо

Жумуртканын кабыгын чогултуп, жакшылап кургатуу керек. Анан порошоктой кылып майдалап алса, колдонууга даяр. Эрте менен быштак же боткого аздан кошуп жесе пайдасы чоң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!