Бир жолу кайнаткан сууну кайра кайнатпаңыз

Бир жолу кайнаткан сууну кайра кайнатпаңыз
21-Июнь 2017, Шаршемби

Көпчүлүгүбүз чай же болбосо кофе ичүү үчүн чайнекти отко койгон бойдон унутуп кетебиз. Же болбосо кайнагандан кийин өчүрүп, бир аз убакыттан соң кайра кайнатып жатабыз. Бирок, сууну эки ирээт кайнатуунун зыяндуу экенин биле бербейбиз. “Ошондо сууну кайра кайнатуунун зыяны кандай?” десеңиздер

Суу кайнагандан кийин курамы өзгөрөт. Андагы зыяндуу заттар бууга айланбай калат. Бирок, суу көпкө жана кайра кайнаса, анын химиялык курамы өзгөрүп, зыяндуу заттар бууга айлануунун ордуна сууда жыйналып калат.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюму “суунун курамындагы мышьяк адамдын организмине өтө зыяндуу” дешет. Организмге аз-аздан жыйнала берген ал, ичеги-карын жолдорун, нерв системасын, жүрөк, кан-тамыр ооруларына, ошондой эле бөйрөк жумушунун бузулушуна, тери ооруларына жана диабетке алып келүүсү мүмкүн. Суу кайра кайнаганда андагы нитраттар канцерогендик нитрозаминдерге, тактап айтканда зыяндуу заттарга айланат. Ал алар зыяндуу шишиктин: ичеги, табарсык, уйку бези, кекиртектен жана ашказандын шишик түрлөрүн алып келиши мүмкүн. Суудагы фтор да организмге зыяндуу экенин далилдеп койгон.

Ошондуктан чай ичээрде өзүңүзгө керектүү өлчөмдө гана кайнатыңыз жана өчүрүүнү унутуп калбаңыз же кайра кайнатпаңыз. Бул аркылуу ысырапка да жол бербей, ден соолугуңузга да зыян алып келбейсиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!