Наушникти туура колдонуу эрежелери

Наушникти туура колдонуу эрежелери
8-Июль 2017, Ишемби

Наушниктен музыканын үнүн жогорулатып укса, кулактын угуусунун начарлашына алып келет. Бул начарлоо дароо эле байкалбайт. Ал убакыттын өтүшү менен беш жылдын аралыгында гана сезиле баштайт. Ошондуктан музыканы жандырып жатканда орточо бийиктиктеги үндү тандаңыз.

Врачтардын айтуусунда, 90 децибелден (болжол менен темир жол вагонунун үнү) ашкан кандай гана үн болбосун, угууну начарлатат. Ушул себептүү үндүн бийиктигине өтө кылдат көңүл буруу керек.

Ошондой эле дарыгерлер кичинекей наушниктерди кулакка тагуудан мурда дезинфекциялоочу каражат менен сүртүп коюуга кеңеш беришет. Бул кулакты инфекциядан сактайт.

Кышында кичинекей наушниктерди такпаңыз. Алар суук өткөрүп коюшу мүмкүн. Эгер сиздин наушнигиңиз кичинекей болсо, анда аны баш кийимиңиз менен жаап коюңуз.

Тынымсыз музыка угуп жүрө бербей, кулакты дагы эс алдыруу керек.

Кызык, бирок тамеки чеккен адам наушникти көп колдонсо, жөнөкөй угармандан эки эсе көп зыян тартат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!