Айымдарга ашканалык кеңештер

Айымдарга ашканалык кеңештер
11-Июль 2017, Шейшемби

Колуңузга байкабай «Момент» клейин тийгизип алсаңыз, кетире албай кыйналсаңыз, ал жерге маргарин майын сүйкөңүз да бир нече мүнөт күтө туруңуз. Андан кийин бул ыңгайсыз жабышкак абалдан кутуласыз.

Картошканы кайнаткан кезде тузду бышаар алдында салыңыз.

Жер жемиштерди кайнатып бышырган учурда кайнаган сууга салуу керек, сууга лимон сыгындысын кошсо ашыкча болбойт. Капкагы идишти толугу менен жабып, күрөң түстө болуусу кажет. Бышкан замат суудан чыгарып алган жакшы.

Кызылчаны кайнатканда кызыл түсүн жоголтпосун десеңиз, кант же алма уксузун кошуңуз.

Үйдөн жагымдуу жыт чыгып турганын кааласаңыз, лимон кабыгын сууда бир нече мүнөт кайнатыңыз.

Нан узак убакыт жаңы бышкандай болуп сакталуусун каласаңыз, аны жанына картошка, алма же болбосо бир аз туз коюңуз.

Аш үй майлыктарын киринен оңой арылтуу үчүн түнү бою уюган сүткө (айран) салып коюңуз.

Сүт кайнатканда ташып кетпеши үчүн идиштин сыртына май менен майлаңыз.

Жаңы картошка кабыгын тез аарчуу үчүн алгач туздуу муздак сууга салып коюңуз.

Маш бурчакты жана башка бурчак түрлөрүн тез бышуусу үчүн түнү бою муздак сууга салып, жибиткен жакшы.

Балды туура тандоо үчүн: – таякча алып, балдын ичине салып аралаштырып көрүү керек. Таякча оңой айланса, бал табигый таза эмес.

– Балга манжаны салып көрүп, бир аздан соң манжалар бири-бирине жабышса, балга кант кошулганы билинет.

- Таза бал тамчысы манжа тырмагына жайылбашы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!