Баштан күн өткөн кездеги алгачкы жардам

Баштан күн өткөн кездеги алгачкы жардам
25-Июль 2017, Шейшемби

Эгер сиз башка бир адамдын денесини каттуу ысып кеткенин сезсеңиз тез жардам чакыруу кажет. Тез жардам мүмкүн эмес же кыйын болгон учурда тез жардам келгенче оорулууга алгачкы жардам көрсөтүңүз. Баштан күн өткөндөгү алгачкы жардам төмөнкүлөр болуп саналат.

1. Бейтапты көлөкө же болбосо жакшы желдетилген жерге алып келип, арткы жагы менен жаткызыңыз. Күн өтүп кеткенде суу менен камсыз кылыңыз.

2. Тыгыз кийилген кийимдерди чечиңиз (кур, галстук).

3. Мүмкүн болсо оорулуну салкын сууга салыңыз. Аны нымдуу кездеме менен ороп же болбосо денесин суулу чүпүрөк менен сүртүүгө болот.

4. Оорулуну тезирек калпына келтирүү үчүн желдеткич же болбосо музду пайдаланууга болот.

Баштан күн өткөндө алгачкы жардам көрсөтүү ыкмасы ушундай жүргүзүлөт. Ысык күндөрү жумуштарңызды жыйыштырып коюп, үй-бүлөңүз менен аквапарктарга же болбосо бассейндерге барып дем алып келгениңиз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!