Тишиңиздин аппак болгонун каалайсызбы?

Тишиңиздин аппак болгонун каалайсызбы?
27-Июль 2017, Бейшемби

Ар бир адамга жарашуучу бир нерсе бар. Ал – күлкү. Баладай жадырап, каткырып күлүп жүргөнгө эмне жетсин?! Ал эми күлкүнүн сулуу болуусу башка кеп. Бул жерде добуш тууралуу сөз болгон жок, баарыбыз эле тиштерибиздин ак болуусун каалайт эмеспизби. Тиш күндө жеп жаткан тамак-аштардын айынан саргарып кетет. Ушуга байланыштуу, тишти үй шартында агартуу ыкмасын сунуштоону туура көрдүк.

1. Таза стаканга кайнап турган сууну куябыз.

2. Лимонду ортосунан кесебиз.

3. Бир чай кашык сода салып, аралаштырабыз.

4.Үстүнө лимон ширесин тамызабыз.

5. Жакшылап аралаштырып, даяр болгон кошулма менен тишибизди 2-3 мүнөт чайкайбыз.

Ушул ыкманын жардамы менен тишти оңой агартып, акчаны үнөмдөөгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!