Шишкебек ден соолукка зыяндуубу?

Шишкебек ден соолукка зыяндуубу?
28-Июль 2017, Жума

Мангалда даярдалган шикебек же шашлык адамдын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн. Дал ушундай жыйынтыкты ирандык окумуштуулар маалымдашты.

Изилдөөчүлөр компьютердин жардамы менен этти отто бышыруу учурунда болчу процесстерди моделдеген экен. Изилдөөнүн натыйжасында белгилүү болгондой, ачык отто же болбосо мангалда бышырылган тамак зыяндуу концерогендүү заттарды бөлүп чыгарган. Окумуштуулардын пикири боюнча, бул заттар адам организмине зыяндуу унаалардан бөлүнүп чыккан газдар менен бирдей көрүнөт.

Ошондой эле мангалга даярдоо учурунда пайда болгон түтүндүн кесепетинен адамдын ДНК клеткаларынын өзгөрүшкө (мутацияга) учуроо мүмкүндүгү 100 эсеге чейин өсөт экен. Ал эми бул өз учурунда онкологиялык ооруларга чалдыгууга алып келет. Андан башка, окумуштуулар отундан чыккан түтүндүн курамындагы уулу заттар тамекиникинен да зыяндуу экенин айтып чыгышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!