Жагымсыз жытты алдын алуучу 10 ыкма

Жагымсыз жытты алдын алуучу 10 ыкма
3-Авг. 2017, Бейшемби

1. Көбүрөөк суу ичиңиз

Шилекей оозуңузду түрдүү бактериялардан коргойт. Ал эми оозуңуз кургап калса, микробдор көбөйөт. Ошондуктан күнүнө сууну көп ичкенге тырышыңыз.

2. Туура тамактаныңыз

Курамында С витамини бар жашылча-жемиштерди көп жеңиз. Мисалы, алма менен сабиз тамактангандан кийин оозду жакшы тазалап, бактериялар менен активдүү күрөшөт. Ошону менен бирге цитрус жемиштеринин да пайдасы мол.

3. Көк чай ичиңиз

Көк чайдын антибактериялык касиеттери болгондуктан, ооздогу жагымсыз жыттан кутулууга жардам берет. Анын үстүнө корица менен имбирь кошсоңуз, дем алуу системасына жакшы жардам берет.

4. Тиш щеткасы менен тиш жибин ар дайым колдонуңуз

Тишиңизди эртең менен жана кечинде аз дегенде 3 мүнөт тазалооңуз керек. Ар бир тамак ичкен сайын тиш жибин колдонуңуз. Анткени тамак көбүнчө тиштердин арасына туруп калат.

5. Тилиңизди тазалоону да унутпаңыз

Тишиңизди тазалаган сайын, тилиңизди да тазалап туруңуз зарыл. Ооздогу бактериялардын көпчүлүгү тилде болот.

6. Тамактан кийин оозду чайкаңыз

Эгер тамактанып бүткөндөн кийин тиш жиби менен тазалоого мүмкүндү болбосо, анда милдеттү түрдө оозуңузду суу менен чайкаңыз. Жылуу сууга бир аз сода кошуп чайкасаңызда болот. Ал өзгөчө бактерияларга таасир берет.

7. Шекерсиз сагыз чайнаңыз

Эгер жолдо жүрсөңүз жагымсыз жыттан кутулунун бир жолу-сагыз. Бирок ал бактерияларды алдын албайт. Жөн гана аз убакытка жагымсыз жытка каршы туруп берет.

8. Сергетүүчү-спрей колдонуңуз

Сергетүүчү-спрей кызыл ээкти дарылап, бактериялар менен күрөшөт.

9. Тамекини таштаңыз

Тамеки чеккен адамдардын оозунан жагымсыз жыт чыгаарын билесиңер. Анын таасиринен ар турдүү ооруларга чалдыгып калуу коркунучу жаралат. Алыс болуңуз.

10. Тиш дарыгерине барыңыз

Жогоруда айтылган эрежелердин баарын жасап жүрсөңүз да оозуңуздан жагымсыз жыт чыгып жатса, анда сизге милдеттүү түрдө тиш дарыгерине баруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!