Кургатылган жемиштердин пайдасы

Кургатылган жемиштердин пайдасы
7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Кургатылган өрүк (как): Тамаш-аш сиңирүүдө пайдалуу. Стресстен жана аз кандуулукту алдын алат. Курамындагы А витамини тери ооруларын дарылоодо оң таасир берет. күнүнө 5 даана кургатылган өрүк жеп туруу курамындагы калий аркылуу жүрөк булчуң эттери менен нервдердин калыптануусуна маанилүү роль ойнойт.

Кургатылган жүзүм: Энергияны көзү. Какырык жок кылуу касиетине байланыштуу демалуу жолдорундагы ооруларга каршы пайдалуу. Күнүнө 10 даана жеп туруу аркылуу кан кысымынын төмөндөшүнө таасир берет. Аба ырайы суук учурда да иммунитетти күчтөндүрөт.

Кургатылган алма: Дем алуу кыйындаганда, астма, жүрөк кыйнаганда каршы жакшы таасир берет. Курамындагы клетчатка ичеги-карынды тазалайт. Көзүн чарчаткан жумушчуларга күнүнө бир уч кургатылган алма жеп туруу пайдалуу.

Кургатылган курма: Антиоксидант касиети менен иммунитет системасын күчтөндүрүп, зыяндуу шишикке каршы коргон ирээтинде таасирдүү. Теринин сулуулугу менен ден соолугу үчүн да пайдалуу. Тамак-аш сиңирүүдө келип чыккан кыйынчылыктарды алдын алат. В1, В2 витаминдери аркылуу нерв системасын коргойт. Мээнин функцияларын ирээтке келтирет.

Кургатылган кара өрүк: В1, В2, В3, В6, А, С жана Е витаминдерине бай келет. Зыяндуу шишикке жана картаюга каршы коргоочу касиетке ээ. Курамындагы калий жана магний аркылуу боор, жүрөк, бөйрөк жана ревматизм ооруларына каршы пайдалуу.

Кургатылган инжир: Клетчатканы көлөмү өтө жогору болгондуктан ашыкча салмак таштоодо өтө пайдалуу. Аминокычкылдар жагынан да каныккан. Ал аркылуу клетка калыптанып, денедеги кан алмашуу процесинде активдүү иш алып барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!