Кыска толкундуу мешке эмне салууга болбойт?

Кыска толкундуу мешке эмне салууга болбойт?
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Жашоодо кыска толкундуу мештин пайда болуусу менен этти тез жибитип, тамакты бир заматта жылыта турган болдук. Бул мештер заманбап аш үйдө алмашкыс жардамчыга айланды. Бирок кыска толкундуу мешке 1 мүнөткө да салып ысытууга болбой турган заттар да болот. Эмесе ошолор тууралуу маалымат берсек:

Жумуртка
Бышпаган жумуртканы микроволновка мешине салууга болбойт. Себеби жумуртканын ичи бууланып, кабыгы жарылып кетет.


Боёлгон идиштер
Түрлүү-түстүү оюу жана гүлдөр менен кооздолгон идиштерге тамак салып, кыска толкундуу мешке жылытууга болбойт. Себеби идиштеги боёктор агып калуусу мүмкүн. Ошондой эле металл идиштерге да тамак жылытууга болбойт. Катуу ысыганда тамагыңызды күйгүзүп жибериши мүмкүн.

Фаст-фуд каробкалары же пакеттери

Фаст-фуд тамактарын алганда кагаз пакеттерге салып берет. Ал эми ал пакеттер алган тамагыңыздын аз да болсо жылуу кармоого жардам берет. Ошентсе да кайра жылытуу үчүн пакети менен кыска толкундуу мешке салууга болбойт. Себеби, ысыганда ал пакеттер адам ден соолугуна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Идиш жууга арналган губка
Идиш жууга арналган кургак губканы мешке салсаңыз, ал дароо өрттөнүп кетет. Ошондуктан сак болуңуз.

Фольга
Кыска толкундуу меште тамакты фольгага ороп ысытууга болбойт. Себеби, фольга тамакка ысык өткөрбөй, ошондой эле тез тутанат.

Кийим
Тез кургатам деп мешке кийим салгандар да кездешет. Эч качан кийим салбаңыз, антпесе өрттөп жибересиз.
Дарбыз
Дарбызды эч ким ысытып жебейт. Ошетсе да ысытып көрүүнү кааласаңыз дарбыз да жумуртка сыяктуу бууланып, жарылат.

CD диск
Кыска толкундуу мешке дисктерди салууга болбойт. CD диск өрттөнүп гана койбой, жарылып да кетет.
Брокколи
Бул өсүмдүктү ысытууну калаасаңыз 97 пайыз курамындагы пайдалуу витаминдерди жоготот.

Пластикалык идиштер
Кыска толкундуу меште желим идиштерге тамак ысытууга болбойт. Ысыганда бул идиштер ден соолукка зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!