Ар бир гүл өзүнчө мааниге ээ

Ар бир гүл өзүнчө мааниге ээ
22-Авг. 2017, Шейшемби

Гүлдөрдүн "тилин" үйрөнүү алгач байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө пайда болуп, кийинчерээк бүтүндөй Европага тараган жана бул өзүнчө илим катары эсептелген. Гүл аркылуу адамдар бири-бирине ар кандай сезимдерин билгизип, гүлдө эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин чоң маданияты катылган. Тилекке каршы, азыркы заманбап мезгилде муну баары эле биле бербейт.

Гүлдүн түсү…

Ак - аруулук, тазалык, ишеним, кубаныч.

Пушту - сүйүү.

Көк - берилгендик, достук, кусалык, жан дүйнөдөгү оордук, тынчтык, энергия.

Көгүлтүр - тазалык, аруулук, туруктуулук.

Сыя - кайгы, ишеним, достук, улуулук, нарктуулук, асемдүүлүк.

Сары - жек көрүү, кызганыч, туруксуздук.

Кызыл - кумардуулук, сүйүү, эркиндик, салтанат.

Ток сары - намыскөйлүк, бой көтөрүүчүлүк, кубаныч, бакыт, жылуулук.

Роза гүлүнүн түсү…

Кызыл роза - сени чындап сүйөм.

Пушту роза - жактырып калдым, мага ишен, мамиле түзүп албайлыбы.

Ток кызыл роза - сени сүйүп калдым.

Ак роза - сага деген сүйүүм эң таза, эң туруктуу жана түбөлүктүү, мен сага татыктуумун, периштедей тазасың.

Агыш түстөгү роза - бизде достук гана бар.

Гвоздиканын түсү…

Ак гвоздика - таттуум жана сүйүктүүм, сени сүйөм.

Кызыл гвоздика - жүрөгүм сен деп ооруп жүрөт.

Пушту гвоздика - сени эч качан унутпайм.

Ала-була гвоздика - сени менен бирге болууну каалабайм!

Сары гвоздика - менден качпачы, мага көбүрөөк көңүл бурчу.

Гүлдүн даанасы…

1 даана гүл - сен менин жалгызымсың.

3 даана гүл - сени менен аалам кезип кетким келет.

5 даана гүл - мен сени сүйөм!

7 даана гүл - муну куда түшкөндө же баш кошкондо берет.

9 даана гүл - сени досумдай гана көрөм.

10 даана гүл - сен үчүн эрдик жасагым келет.

11 даана гүл - сен менин досумсуң.

12 даана гүл - баары жакшы болот деп ишенем.

13 даана гүл - сени көргүм келбейт, жек көрөм!

14 даана гүл - сен менин бардык байлыгымсың.

15 даана гүл - менин сыйыма, ыраазычылыгыма татыктуусуң.

Ал эми роза гүлү…

1 даана роза - тартынчаак сүйүү.

2 даана роза - бул сөйкө саларга же баш кошууга жакындап калганда берилет.

3 даана роза - сүйүүсүн билдирүү.

5 даана роза - бакыт жана ийгилик каалоо.

10 даана роза - сүйүктүүсүнө суктанып бүтө албастыгын билдирүү.

11 даана роза - экөө тең бири-бирин сүйсө гана берилет.

12 даана роза - биринчи жолугушууда, баш кошууда, таанышкан, баш кошкон күндү белгилөө кечесинде берилет.

16 даана роза - дос-курбуларга, туугандарга берилет.

29 даана роза - "түбөлүккө сүйөм" деп убада кылуу.

36 даана роза - бакыт каалоо.

101 даана роза - тизе бүгүп таазим кылуу, суктануу, жакшы көрүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!