Ашкөк жана татымалдардын колдонууда абайлаңыз!

Ашкөк жана татымалдардын колдонууда абайлаңыз!
9-Сен. 2017, Ишемби, 12:58

Баардык нерселер сыяктуу эле татымалдарды көп өлчөмдө колдонуу зыян алып келет. Татымалдарды колдонуудан мурда дарыгер менен кеңешиңиз.

1. Мускат


  • Ар дайым жана көп өлчөмдө мускат колдонуу: жүрөк тез согошуна, жүрөк айлануусуна жана галлюцинацияга алып келиши ыктымал.
  • Кош бойлуу жана бала эмизген энелерге колдонууга болбойт.

2. Жапалак (тимьян)

  • Кан басымын жогорулатат.
  • Сезимтал терини аллергия кылышы мүмкүн.
  • Көбүрөөк пайдалануу былжыр катмарга зыян алып келет.

3. Кара мурч

  • Гастрит, тамак-ашты сиңирүүдө кыйынчылыктарды жаратат.
  • Териге түздөн-түз тийген учурда күйгүзүп, канталатып кызарышы мүмкүн.
  • Ачуу болгондугуна байланыштуу ысытып, тердетет.

4. Зире (тмин)

  • Зирени ашыкча колдонуу кандын кант деңгээлин төмөндөтөт.
  • Ашказаны ооругандарга да ашыкча колдонууга болбойт.

5. Кызыл калемпир

  • Калемпирдин териге зыяндуулугу тууралуу талаш-тартыштар бар. Теринин сезимтал болуусуна алып келиши ыктымал.
  • Экзема жана геморрой болгондорго калемпир колдонууга болбойт.
  • Жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркап келгендер үчүн аны абайлап колдонуулары керек, себеби ал кан айланууну тездетет.

6. Шалфей

  • Эпилепсиясы барларга колдонууда абай болуулары керек.
  • Эркектердин бел кубатын азайтат деген кептер айтылат.
  • Көп өлчөмдө колдонуу ашказанга зыяндуу.

7. Туз

  • Дененин гормондуу балансын бузат.
  • Кан басымын жогорулатат.
  • Бөйрөккө зыяндуу.
  • Целлюлитти жана денеде шишик пайда кылат.
  • Остеопороз оорусуна алып келет.

8. Корица

  • Узак пайдалануу ич катууга алып келиши мүмкүн.
  • Көбүрөөк колдонуу боордун иштөөсүн кыйындатат.
  • Теринин кычышуу жана кызарууга алып келет.

9. Шафран

  • Ашыкча колдонуу бөйрөккө зыяндуу.
  • Ууланып калуу коркунучу бар.
  • Кош бойлуу учурда колдонууга болбойт, себеби кан кетүүсү мүмкүн.

10. Куркума

  • Куркуманы ири көлөмдө керектөө кан клеткаларына зыян алып келиши мүмкүн.
  • Ичти көптүрөт.
  • Сезимтал органдарда аллергиялык реакциялар пайда кылуусу ыктымал

11. Сумак

  • Кээ бир түрлөрү уулуу болгондуктан, теринге зыян келтирет.
  • Кан басымын жогорулатат.
  • Ич катууга алып келиши мүмкүн

12. Фенхель

  • Жүрөктүн айланышы жана кусууга алып келет.
  • кош бойлуу аялдарда жатындын көйгөйүнө алып келиши ыктымал.
  • Ашыкча салмак менен күрөшкөндөр сак болуулары керек, себеи табитти ачат.
  • Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!