Муздаткычты туура тазалоонун жолдору

Муздаткычты туура тазалоонун жолдору
16-02-2017

Тамак-аштар бузулуп кетпей, көп убакытка сактоо үчүн муздаткыч жардамга келет. Ичинде тамак-аш, жер-жемиштерди бир жерде сактоо менен түрдүү жыттар чыгат. Өзгөчө эттин жыты көп убакытка кетпей калат.

Муздаткычтын ичин тазалоо үчүн сода жардамга келет. Жарым стакан соданы алып аны 2 литр сууга салыңыз. Тазалоочу тряпкаңыз менен муздаткычтын ичин сүртүп чыгыңыз. Бул ыкма менен муздаткычыңыздын тазарганын көрүүгө болот.


Муздаткычтагы жыттарды кантип кетирүүгө болот?

-Муздаткычтын полкаларын сода менен сүртүп чыгуу керек. Сода кошулган суу муздаткычтагы түрдүү жыттарды кетирүүгө жакшы жардам берет.
- Жагымсыз жыт дагы эле кетпей жатса иштеп жаткан муздаткычка оозу ачык сүт, мангал көмүрүн, чай чамасын жана кофе будайын коюңуз. 5-6 сааттан кийин алып салыңыз.
- Дагы деле кетпей жатабы? Жогоруда келтирген ыкмалар болбой жатса, анда муздаткычтын артындагы буроолорго көңүл бурууга туура келет. Муздаткычты өчүрүп, көбүнчө арткы тарабында жайгашкан суу топтолуучу жерди ачып, суу толгон кутуну тазалоо керек.

Жагымсыз жыттардын пайда болушун алдын алуу үчүн:

Алыска кетип жатканда муздаткычты бошотуп койгонуңуз туура. Эт жана эттен жасалган тамактар көп убакытка сакталса жагымсыз жыт пайда болот.
Сакталып жаткан тамак-аштын жыттары аралашпоосу үчүн, ар бирин өз-өзүнчө оозу жабык желим идиштерге сактаңыз. Муздаткыч сайгычы өчүп, иштебей калуусун байкап туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!