Полдогу кара такты кетирүүгө сүт жардам берет

Полдогу кара такты кетирүүгө сүт жардам берет
14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:04

Линолиумга көпкө чейин төгүлгөн суу анын сапатын начарлатат. Ысык суу менен жуулган линолиум жумшак, бутка жабышчаак болуп калат. Ошондуктан аны муздак сууга ак самын менен көбүртүп жуугандан өтөөрү жок. Эске салчу нерсе линолиумду туз, соода, нашатырь спирти менен эч убакта жуубаңыз. Анткени, алар сапатын бузат.

Полдогу кара такты кетириш үчүн ысык сүткө щётканы малып жууса так тез кетет. Тактарды кетиргенден кийин ордун атайын полго ылайыкталган май менен сүртүп коюу зарыл. Полго кокус сыя же кеткис суюктук төгүп алсаңыз алгач лимон менен сүртүп, артынан ысык самындалган суу менен жууган оң.

Жаңы сатып келген шыпыргы көпкө чейин керекке жарасын десеңиз аны жаңы бойдон туздалган ысык сууга салып коюңуз. Чаң баскан обойлорду алгач шыпыргы же чаң соргуч менен тазалап алып, артынан жылуу сууга бир аш кашык нашатырь спиртин аралаштырып жууса так калбай, обой жакшы тазаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!