Душка тез-тезден түшүү зыянбы?

Душка тез-тезден түшүү зыянбы?
5-Окт. 2017, Бейшемби, 11:27

Эртең менен уйкудан толугу менен ойгонуу үчүн сергитүүчү душ кабыл алганга эч нерсе жетпейт. Ошону менен катар оор күндөн кийин душтун алдында туруу да жанга сергектик тартуулайт. Көптөгөн адамдар күнүмдүк турмушта душка түшпөсө журө алышпайт. Бул тазалык менен эстетика тартууларган, заманбап коомдун калыптуу иш-аракетине айланды. Бирок тез-тезден душка тушүү канчалык кажет жана ден соолукка зыян эмеспи?

Көпчүлүк адамдар душка тазалык менен эстетикалык ырахат алуу максатында түшпөстүр. Душ аларды тазартат деп ишенишет, бирок бактериологиялык изилдөөлөр муну жокко чыгарды.
Элейн Ларсон (ElaineLarson), инфекционист-эксперт жана Колумбия университетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары.
2004-жылы жасалган изилдөөлөр антибактериалдык самын, скраб менен башка дагы косметикалык каражаттарды көп колдонуу пайдасына караганда зыяны көбүрөөк экенин көрсөткөн. Аларды пайдалангандан кийин теринин табигый коргоочу кабаты жуулуп кетет да, тери кургак жана жука болуп калат. Бул өз учурунда тери кабатында микрожаралар пайда болуу кесепетине алып келет. Микрожаралар аркылуу түрлүү инфекциялар менен микробдор кирип кетүү коркунучу жаралат.
Бул түшүнүктү Джордж Вашингтон университетинин дерматология доценти Брэндон Митчелл (Brandon Mitchell) да ырастап жатат. Анын айтуусу боюнча, көптөгөн адамдар душка өтө көп түшүшөт.

Чындыгында душка канча жолу түшүү керек?

Дарыгер Митчеллдин пикири боюнча, эгер мисалы сиздин сырткы келбетиңиз же болбосо жытыңыз эмес — ден соолугуңузга байланыштуу болсо — анда жумасына бир же эки жолу түшүү жетиштүү. Денебиздин табигый курулушу күнүмдү тазалыкты кажет этпейт — бул тескерисинче зыян келтирүүсү мүмкүн.

Албетте, түрлүү учурлар болот, мисалы кир жерде иштегендер же кара жумушта кызмат кылгандар душту көбүрөөк кабылдап туруусу кажет. Бирок бул учурда да, Брэндон Митчеллдин айтуусунда, жуунуучу каражаттарды көп пайдалануунун кереги жок. Кир болгон жерлерди гана самындап, ошону менен бирге колтук алды менен интимдик жерлерди гана жууп коюу керек. Гигиена талаптарын аткаруу үчүн жана ден соолугуңузга зыян келтирип албоо үчүн ушул процедуралар жетиштүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!