Гүлдү узакка кантип сактоо керек?

Гүлдү узакка кантип сактоо керек?
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:14

Бажырайып көздүн жоосун алган гүлдүн саналуу гана күндөрдө соолуп калганы көпчүлүктү өкүндүрбөй койбойт. Гүлдү узакка сактоодогу эң негизги эреже-вазага салынган гүл желден жана күндүн нурунан алыс коюлушу керек.

Муну менен эле тим болбостон сууга бир чай кашык кумшекер же жарым таблетка аспирин салып койгонуңуз оң. Сууну алмаштырган сайын албетте анын кошулмаларын кошо алмаштырып туруу керек.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай гүлдү жер-жемиштер менен аралаштырып же ашканага коюуга болбойт. Эгерде гүл соолуп баратканда сууга бир нече нашатыр спиртин тамчылатып койсо бир аз күнгө болсо да гүл өз калыбында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!