Пайдалуу кеңештер

Пайдалуу кеңештер
10-Окт. 2017, Шейшемби, 14:37

1.Муздаткычтын музун эритип, суусун төкөндөн кийин жылуу сууга сода кошуп жууп, ичи толук кургаганча бир-эки саат ачып койгон оң. Ошондо гана ага койгон тамактар жыттанбайт.

2. Узак убакыт колдонулган бычактар, кашыктар менен чынылар карарып кетсе, аларды картошка бышырылган сууга салып, бир нече мүнөткө калтырыңыз. Сүрткөндөн кийин, мурункусундай жалтырап чыга келет.

3. Бычактарды жарым саат туз эритиндисинде кармасаңыз (1 стакан сууга 1 кашык туз), алар курч болуп кайралып калат.

4. Дубалга жабышкан туш кагаз оңойлук менен алынбайт. Аны жеңилдетүү үчүн, үтүктүн ысык буусун басып сыйрыса тез алынат.

5. Дасторкондун кайрылып калган жери сынбасын десеңиз, ич жагына лейкопластыр жабыштырып кою керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!