Туздалган бадыраңдын түсүнүн өзгөрүү себептери

Туздалган бадыраңдын түсүнүн өзгөрүү себептери
13-Окт. 2017, Жума, 11:54

Суук мезгилде бадыраң, помидор сыяктуу жашылча-жемиштердин туздалган түрү эң жакшы кышкы салаттардын бири болуп саналат. Ал эми бадыраңды үйдө консервалап, банканы жапканда түсү карарып, өңү солгун тартып кеткенин байкайбыз. Мунун себеби менен кесептин аныктап көрсөк:

Туздалган бадыраңдын кочкул түстө болуп калуусунун башкы себеби аны даярдап жатканда идиштерди туура тазалабагандыгы. Мындай жагдайга жол бербеш үчүн, банканы жылуу суу жана атайы тазалоочу каражаттар менен жакшылап жууп, кургатуу керек. Зыянсыздандыруу чарасы жеткиликтүү болбогон учурда да бадыраңдын суусу карарат. Себеби консервалоо учурунда микроптор толук жоюлбаса, ашыкча газ бөлүнөт.

Зыяндуу микроптордон кутулуу үчүн, банканы жылуу суу менен бир нече ирээт чайкап, ичин буулоо керек. Кайнап жаткан чайнектин капкагын ачып, банканы үстүнө коюп, 2-3 мүнөт күтүңүз. Банканын капкагын да таза жууп, 3-5 мүнөт кайнатып алган оң. Бардыгын тазалангандан кийин банканы жакшылап бекитүү керек.

Буларды аткарган соң дагы бадыраңдын карарганы туздоо учурунда уксус кычкылынын аз болгонунан улам өңү бузулганынан кабар бериши мүмкүн. Ошол эле учурда бадыраңдын бардык түрү бирдей туздоого жарай бербестигин эстен чыгарбоо зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!