Эстөөнүн зыяндуу жагы

Эстөөнүн зыяндуу жагы
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:15

Эстөө — баардык адамдар менен жаныбарларга таандык өзгөчөлүк. Адам эстеген кезде дем алып, өзүн жакшы сезип калат. Организм эстөө аркылуу адамдын уйкусу келгенин билдирет. Кытайда эстөөгө байланыштуу кызыктуу окуя катталган. Кытайдын Ухань шаарынын тургуну каттуу эстейм деп өпкөсүн жыртып алган.

26 жаштагы кытайлык оор абалда шаардын борбордук клиникасына жеткирилген. Бейтаптын айтымында, ал уйкудан ойгонгон кезде каттуу эстегиси келип, эстегенден кийин өпкөсү сайгылашып, оруй баштаган. Бул жагдайга ал белгилүү бир убакытка чейин маани берген эмес. Бирок дем алуусу оорлоп, тарыла баштагандан кийин айла жок тез жардам чакырууга туура келген. Ооруканада дарыгерлер бейтапты ренгенге түшүрүп, анын өпкөсү жыртылып кеткенин анык көрө алышкан.

Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, мындай окуяга бейтаптын дене салмагынын бою менен шайкеш келбегенинин улам болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!