Бал менен корицанын пайдасы

Бал менен корицанын пайдасы
17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:49

Бал да, корица өтө пайдалу азыктар. Ал эи алардын аралашмасы андан да пайдалуу. Анткени бал менен корицаны байланыштырып отуруп көптөгөн ооруларды алындын алууга болот. Мисалы төмөндөгүдөй:

Жүрөк оорулары

Күн сайын нанга бал сүйкөп, анын үстунө аз гана корица салып жеңиз. Ал каныңыздагы холестирин өлчөмүн азайтып, жүрөк булчуң эттерин бекемдейт.

Алсыздык

Балдын курамындагы кант өзгөчө күч-кубат берет. аны корица менен кошо колдонгон адамдардын маанайы күнү бою көтөрүңкү болот. Ошондуктан күн сайынэртең менен ачкарын чай кашык бал менен корицаны бир стакан сууга аралаштырып ичиңиз.

Муун оорулары

Эгер бул оору тынчыңызды алып журсө, күнүнө 1 стакан жылуу сууга 2 аш кашык бал жана 1 чай кашык корица кошуп ичиңиз. Анткени ал сиздеги өнөкөт артритти да даарылайт.

Холестерин

Бар болгону 2 аш кашык бал менен 3 чай кашык корицаны сууга аралаштырып ичсеңиз болду. 2 сааттан ичинде холестирин өлчөмү 10 пайызга азайып, натыйжасын көрөсүз. Бул аралашманы күн сайын кабыл алсаңыз, холестериниңиз калыпка келет.

Иммунитет

Бул азыктарды күндө жеп журсөңүз, өзүңүздү бактериялар менен вирустардан коргой аласыз.

Чач түшсө

Чачыңыз түшсө, тамырына 1 аш кашык бал менен 1 чай кашык корица сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууңуз.

Тери оорулары

Кычышуу, аллергия сыяктуу тери ооруларыңыз болсо, бал менен корицаны аралаштырып сүйкөңүз.

Ашказан тамак сиңире алабаса

Тамак ичээрдин алдында 2 аш кашык бал менен 1 чай кашык корица жеңиз. Бул азыктар сиз жеген эң оор тамакты да сиңирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!