Алтын эмес, бирок, жалтырак...

Алтын эмес, бирок, жалтырак...
18-Окт. 2017, Шаршемби, 10:51

Зер буюмдарыңыз сизге көпкө кызмат кылышын кааласаңыз, аларга ошончолук кылдат мамиле жасаңыз.

Накта бирюзанын түсү самындын көбүгүнүн, атырдын, ацетондун, атүгүл суунун, күн нурунун таасиринде өзгөрүп кетет. Ошондой эле майды терс кабыл алат да, убакыт өткөн сайын жашыл түскө өтүп кетет. Түз тийген күндүн нурунан бир эле бирюза эмес, аметист, топаз да сапатын жоготот.


Берметти болсо уксус бузат. Накта берметти тазалоо үчүн аны самын сууга жууп, анан чайкап, кургатуу керек.

Зер буюмдарындагы бермет, бирюза, малахит жана янтарь нымдуулукту көтөрө албайт. Эгер алар кирдеп калса, этил спирти кошулган сууга (1/1) тез жууңуз. Андан соң этил спиртине малынган жумшак чүпүрөк менен аарчып кургатыңыз.

Күмүш менен мельхиорду самын суу менен жууганга болот. Эгер күмүш чынжырча же шакек карара баштаса, жылуу самын суу менен жууңуз. Андан соң нашатырь спирти менен тиш порошогунун аралашмасына чыланган чүпүрөк менен аарчып, таза жылуу сууга чайкаңыз да, анан аарчыңыз.

Ташы жок алтын шакекти мындай жол менен калыбына келтирүүгө болот: Помада сүртүлгөн кагаз менен аарчып, андан соң нашатырь спирти кошулган самын суу менен жууйсуз (1/2 кичине кашык спирт 1 стакан сууга). Аягында таза жылуу суу менен чайкап, аарчыңыз.

Зер буюмдарынын кийимге көгүш так калтырып койгон учурлары көп кездешет. Мунун алдын алуу үчүн кулондун, брошканын арткы бетин тырмак боёгон түзсүз лак менен боёп коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!