Күрөң шекерби же акпы: таттуу чындык!

Күрөң шекерби же акпы: таттуу чындык!
21-Окт. 2017, Ишемби, 15:21

Көптөн бери күрөң шекер ресторандарда, кафелерде андан соң үйлөрдө да адаттагы ак шекердин ордун баса баштады. Көпчүлүктүн оюу боюнча күрөң шекер акка караганда пайдалуу. Чындыгында эле ошондойбу бул суроого жооп издеп көрсөк.

Ак менен күрөң шекердин айырмасы

Чийки шекер деп дал ушундай күрөң түстөгү шекерди атап келишет. Ал кант камышынын ширесинен алынып, кайнатылып жана кант кристаллдары пайда болгон центрифуга аркылуу өтүп даярдалат. Кристаллдашуу иши бир топ убакыт талап кылынат, кээде бир айга чейин барат. Шекердин күрөң түсү чийки болгондугун билдирип, ал ага жагымдуу даам берип турат. Ошондой эле ак кургак гранул шекеринен айырмаланып нымдуу жана салмактуу болуп саналат.

Чийки шекер, мисалы, күкүрт кычкылы аркылуу химиялык заттар менен агартылат. Агартылгандан кийин кошулманы кетирүү үчүн шекер фосфор кислотасы жана кальций гидросиди менен тазаланат. Акыркы кадам чыпкалоо жана кристаллдашуу процесси болуп саналат. Натыйжасында таза продукт жөн гана катыштык суммасын кошуу менен кайра күрөң кантка айландырылат.

Ак жана күрөң шекердин баалуулугу

Көпчүлүк күрөң шекер пайдалуу дегенине карабай экөө тең аз гана өлчөмдө азыктык баалуулук жактан айырмаланат. Ак шекер чындыгында 99,9 пайызы сахарозадан турат. Ал эми күрөң шекер 97 пайызын түзөт. Калган 2 пайыз - суу, 1 пайызы – башка дагы заттар бар. Бир чай кашык ак шекерде 16 ккал, күрөңдө - 17 ккал кездешет.

Ошентсе да күрөң шекердин курамында минералдардын бир нече түрү: кальций, калий, магний жана темир камтылган. Бирок бул курам өтө аз болгондуктан, алар ден-соолукка көп пайда бербейт.

Азыктарда ак же күрөң шекер пайдалануу

Күрөң шекер тамак-аш менен суусундуктарды даярдоодо кеңири колдонулат. Ошондой эле, таттуларды жасоодогу негизги ингредиент. Нан азыктарына күрөң шекерди кошуп даярдаса, жагымдуу даам берет. Ал ошону менен катар таттуу токочтун өңүн өзгөртүп жана анын нымдуулугуна таасир берүүсү ыктамал.

Жыйынтыгында ак менен күрөң шекерди тандоо ар бир адамдын өз каалоосу болуп эсептелет. Ошенсе да эсиңизде болсун, адаттан сырткары шекер колдонуу ден-соолугуңузга зыяндуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!