Кирди туура кургатканды билесизби?

Кирди туура кургатканды билесизби?
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:15

"Жаңы жуулган кирди эшикке канчалык көпкө жайсаң ошончолук жакшы кургайт" деген ойдо жүргөн кожойкелер жаңылышат. Анткени, узакка эшикте калган кирдин өңү өчүп, сапаты начарлайт. Андан көрө чала кургаган кирди бөлмөдөгү температурага кургатканыңыз оң.

Жыгачтан жасалган кир кыпчыткычтарды жаңы колдоноордо сууга кайнатып албасаңыз кийимди кыпчытканда кеткис так калат. Кыштын күнү кийим жипке тоңуп, жабышып калбас үчүн кирди чайкап жатканда бир аз өлчөмдө туз кошуп же болбосо кир жайыла турган жипти туз менен сүртүп койсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!