Кофе көздү сактоого жардам берет

Кофе көздү сактоого жардам берет
24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:20

Компьютер алдында узак жумуш иштеген адамдар үчүн кофе ичүү өтө пайдалуу. Анткени кофе көздөгү суюктук камынын, тагыраагы жаштын пайда болуусуна шарт түзөт. Бул боюнча изилдөөнү Токио университетинин окумуштуулары жарыялашты.

Убактысынын көп бөлүгүн монитор алдында өткөргөн адамдарда «кургак көз» синдрому кездешет. Мындай оорудан көздөр ачышып, кычышып, жаш бөлүү процесси токтоп калат. Анын кесепетинен көз ооруп, адам бат чарчайт. Ошентсе да бул дартты бир стакан кофе менен чечүүгө болот дешет окумуштуулар. Тагыраак айтканда, ишке киришүүдөн мурда аталган ичимдиктен дам татып алганыңыз оң.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө 78 адам катышкан. Алардын бир жарымына эртең менен 10.00дөн түшкү танаписке чейинки убакытта плацебо таблеткасын, экинчи жарымына кофеин таблеткасын беришкен. Бул убакыт адамдын көзүндө турукту көз жаш пайда болчу маал.

Натыйжасында кофеин колдонгондордун көздөрү жашты көбүрөөк бөлө баштаган. Алардын тек 13 пайызында гана «кургак көз» синдрому байкалган. Ал эми плацебо ичкен экинчи тараптын 17 пайызынан аталган синдром байкалган. «Эгер биздин изилдөөлөрүбүздүн натыйжасында кофенин пайдасын далилденсе, анда медицина илими үчүн чоң жетишкендик болот», - дейт изилдөө тобунун жетекчиси Рейко Арита.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!