Бут жыттанганда

Бут жыттанганда
26-Окт. 2017, Бейшемби, 09:59

Буттун жагымсыз жыты кебүнчө буттагы бактерия жана грибоктон пайда болот. Алар көп учурда жылуу жана нымдуу жерлерди жактырышат. Ал эми кургак болгон жерлерде көбөйүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан бутту жууган соң кургак кылып аарчыбаса, нымдашып, бактериялардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мына ошондо көңүлгө жагымсыз, коңурсуган жыт пайда болот.

Буттун жагымсыз жытынан арылуунун жалгыз жолу таза кармоо. Сауна, бессейн, спорт залдарда же болбосо ванна, туалетке окшогон жерлерде бактериялар көп кездешет. Мындай жерлерде жалаңаяк жүрүүдөн абайлаңыз. Эгер эч эле бул жыттан арыла албай койсоңуз атайын адистен кеңеш алууңуз зарыл. Бул кандайдыр бир оорунун башталгычы болуусу ыктымал.

Бутта чарчы сантиметр жерде 350дөн 700гө чейин тер бездери жайгашкан. Бул бездер ошондой эле бешенеде, колтукта жана алаканда болот. Бут кийимди жана байпакты туура тандоо да өтө маанилүү.

Адистер бутка аба кирип туруучу бут кийимдерди тандоо керектигин сунушташат. Эгер булгаарыдан тигилген бут кийим болсо теринин көзөнөктөрүнөн аба кирип тургандыктан кургак болуп, эч кандай жыт болбойт.

Ал эми жөнөкөй, жасалма териден тигилген бут кийимдерде жеткиликтүү аба кирбегендиктен улам нымдуу болуп жагымсыз жыт ошончо көп болот. Пахтадан тигилген байпакты тез-тез алмаштырып таза кылып кийүү зарыл. Бир эле бут кийимди көп күн катары менен кийүүгө да болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!