Төө буурчак - нерв системасын чыңдайт

Төө буурчак - нерв системасын чыңдайт
27-Окт. 2017, Жума, 10:30

Чанактуу өсүмдүктөрдүн 12 миңге чукул түрү бар. Кызыгы, организм үчүн алардын баарынын пайдалуу жактары бирдей. Анда бүгүн Орто Азияны мекендеген чанактуулардын биздеги түрлөрү тууралуу сөз кылалы.


Төө буурчак
Төө буурчакты күнүмдүк турмушта тамак-аш катары жеп туруу пайдалуу. Ал организмди тазалайт, заарадагы тузду эритүүгө, кубалоого жардам берет, ашказан-ичеги, бөйрөк, боор, өпкө ооруларынын алдын алат. Нерв системасын чыңдап, сабырдуу кылат. Төө буурчактан жасалган тамак жай сиңет, бирок, ал ашказандагы боштукту - абаны айдап чыгат. Төө буурчак шорпосун гастритте жана ашказан жарасында диетикалык тамак катары да колдонууга болот.

Маш
Маш уулуу заттардын организмге түшүүсүнө тоскоолдук жаратуучу чанактуу өсүмдүк. Аны үй шартында эт менен алмаштырып пайдаланууга болот. Мындайда маш иммунитетти көтөрөт, организмди аскорбин кислотасы, темир, кальций менен байытат жана бронхит, трахеит, ларингит, синусит, ринит ооруларынын алдын алат. Уулануудан кийин маш кошулган тамактарды жеген шартта да ал организмдеги уунун чыгып кетүүсүнө жардам берет.


Маштан маска: Маштын ундай майдаланган данынан идишке 1 аш кашык салып, ага 1 чай кашык кокос майын кошосуз. Жакшылап аралаштырып бетиңизге сүртөсүз да 20 мүнөттөн кийин муздак сууга жууп саласыз. Жумасына 2 жолудан жасап турсаңыз, бул ыкма бетиңиздеги сепкилдерди кетирүүгө жардам берет.

Буурчак
Буурчактан жасалган шорпо ар бир оору үчүн диетикалык тамак боло берет. Аны жүрөк-кан тамыр, склероз ооруларында жана зат алмашууну жакшыртууда ичүү өзгөчө пайдалуу экенин элдик медицина тастыктайт. Ошондой эле буурчак чанактуулар ичинде "пиридоксин" деген витаминге бай болот, бул витамин жетишсиз болгон шартта организм дерматитке чалдыгат. Жашыл буурчак болсо организмге радиоактивдүү металлдардын кирүүсүнө болгон жолдорду бөгөөчү касиетке ээ.


Буурчактан дармек:Буурчакты фурункулду айыктыруу үчүн илгери эле пайдаланып келишкен. Ал үчүн буурчактын данын ундай кылып майдалайсыз да, ага анын өлчөмүнөн ашыгыраак кылып кайнак суу куясыз. Экөөнү бирдиктүү масса пайда болгуча аралаштырып, пайда болгон аралашманы фурункулга сүртүп таңып коюу керек.

Лоя
Лояда төө буурчакка тиешелүү пайдалуу сапаттардын дээрлик баары бар. Болгону мында калий көбүрөөк болгондуктан, аны атеросклероздо, жүрөктүн согуу ритми бузулганда жеген жакшы. Ошондой эле ал өнөкөт панкреатит, кант диабети жана ревматизмдин алдын алат.


Лоядан маска:60-70 г ак төө буурчакты муздак сууга 6 саат чылап коюп, андан кийин сууга бышырасыз. Бышкан лояны ысык абалында пюре кылып эзип, ага 20 мл оливка майы менен 5 мл лимон ширесин кошосуз. Жакшылап аралаштыргандан кийин масканы бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн соң жууп таштайсыз. Мындай азыктандыруучу масканы жумасына 2 жолу жасоо сунушталат.

Нокот
Нокоттун курамында Менделеевдин таблицасындагы баалуу болгон бардык элементтер бар. Булардын жардамы менен ал организмди рак, нерв ооруларына чалдыгуудан коргойт жана мээнин активдүү иштешин камсыз кылат. Андыктан, нокотту үй шартында салат, гарнир, шорпо катары даярдап жей берүү пайдалуу. Нокот косметологияда да агартуучу, азыктандыруучу жана жумшартуучу сапатка ээ компонент.


Нокоттон жумшартуучу, азыктандыруучу паста:Бул пастаны даярдоонун жолу опоңой. Алгач нокотту бүдүрү жок калгыдай кылып майдалайсыз. Анан ушул ундан идишке 2 чай кашык салып, ага бир аз суу куясыз. Аралашманы паста сыяктуу масса пайда болгончо аралаштырасыз да бетиңизге массаждап сүртүп, сүртүп бүтөр замат жылуу сууга жууп саласыз. Мындай паста менен денени жууга да болот.

Жазмык (чечевица)
Жазмык жөн жерден белоктун табигый булагы деп айтылбайт, анын курамынын үчтөн бирин белок түзөт, анда бардык минералдар, микроэлементтер, витаминдер бар. Ошондой эле жазмык рациондо башка тамак-аштар катары пайдаланылса, ал жүрөк, ашказан, бөйрөк ооруларынын алдын алат. Эң башкысы кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүдө зор мааниге ээ. Кош бойлуу айымдар үчүн түйүлдүктүн нормалдуу өөрчүшүн шарттайт.


Жазмыктан маска:Чанагынан тазаланган 100 г жазмыктын даны менен калдыгынан тазаланган 100 г беденин уругун аласыз. Экөөнү тең кофемолкада ундай болгончо майдалайсыз. Анан 100 мл йогурт кошуп, үчөөнү жакшылап аралаштырасыз да, масканы чачыңызга сүртөсүз. 2-3 сааттан кийин жылуу сууга жууп салсаңыз, чачыңыз түшпөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!