Түнкүсүн компьютерди иштетип калтыруу зыянбы?

Түнкүсүн компьютерди иштетип калтыруу зыянбы?
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:12

Көптөгөн колдонуучулар узак убакыт бою компьютерди иштетип таштап коюу ага зыян алып келет деп эсептешет. Бул чындыгында ушундайбы?

Эгер узак убакыт бою компьютерде иштесеңиз же болбосо компьютерди түнкүсүн өчүрбөй жатсаңыз, анад тааныштардан анын канчалык зыяндуу экенин эскертүү уксаңыз керек

Бул аңыз сатыкка чыккан компьютерлердин алгачкы күнүндө негизделген. Ошол кезде компьютерлер, өзгөчө эс тутуму өтө төмөн кубатка ээ болгон. Ошол себептен кийинки күнү компьютериңизди жаңы транзакция жасоо үчүн өчүрүү керек эле. Компьютердик техника канчалык маанилүү болсо да, бул салт компьютер пайдаланучулар арасында азыркы күнгө чейин уланып келүүдө.

Бүгүнкү күндөгү компьютерлер алда-кайда кубаттуу жабдыктарга ээ. Ошондуктан компьютерди түндө өчүрүүнүң кажети жок. Бирок компьютерди ар дайым күйгүзүп-өчүрүүнүн кээ бир артыкчылыктары бар. Эң алгач сиз электр энергиясын үнөмдөйсүз. Компьютерлер күчтөнгөн сайын, алардын жумшоочу күчү артат. Компьютерди уктаар маалда гана өчүрүү сизди ай сайын 30 пайызга чейин энергияны үнөмдөөгө жардам берет.

Жыйынтыгында жабдыктык күчү кандай болсо да, алардын белгилүү бир өмүргө ээ. Компьютерди ар дайым иштетип кою, убл анын иштөө мөөнөтүн кыскартат. Ал эми бизге мунун кажети жок, компьютерди өчүрүү жана жабдыкты таза кармоо анын кызмат мөөнөтүн узартат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!