Акча жыйноонун жеңил жолдору

Акча жыйноонун жеңил жолдору
25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:28

Замандын талабына шай адамдар ак эмгек менен тапкан акчаларын жыйноону үйрөнүүлөрү керек. Бирок көпчүлүк ниеттенип тырышканыбыз менен үнөмдөп да, жыйнай да албайбыз. Акча жыйноону кантип үйрөнүүгө болот?

Максат коюу
Акча жыйноодо мурда анын эмне үчүн керек экендигин аныктап алыңыз. «Ким билет, керек болуп калар» деген ой максатта ал эч качан жыйналбайт. Себеби күн сайын «керек болуп калар» сааты келип, акча жумшалып кетет. Туурабы? Ошондуктан «унаа, үй алууга, саякатка, бизнеске» деген сыяктуу так даана максат коюңуз.

Убактынсын белигилеңиз!
Максатыңызды аныктагандан кийин, так убакытысын белгилеңиз. Мүмкүнчүлүгүңүздү, каржылык өлчөмүңүз менен болуп кетиши мүмкүн «форс-мажорлорду» эске алып эсептеңиз.


Сумманы эсептөө

Максатыңыздын наркына карата ай сайын жыйноого калтыруучу акчанын суммасын так эсептеңиз. Өзүңүздү алдабаңыз, эгер жыйнай албай турган сумма болсо, убактысын узартып, аз-аздан жыйнаңыз.Тартипке багынып, ай сайын белгиленген сумманы кутуга салып туруңуз.

Чыгымды азайтуу
Келечекте бир нерсени сатып алгыңыз келсе, чыгымдын өлчөмүн азыртан азайтуу керек. Бул акча жыйноонун сактоо мыйзамы. Бошко кеткен акчаңызды (кыдыруу, кереги жок заттар алуу, оюн-күлкү жана башкага) эсептеп, кийинки айда ошол сумманы сактап калууга тырышыңыз. Жумасына бир жолу кафеге барып тамактангыңыз келет. Бирок андай жерге жумшалган акчаны үнөмдөп, азык-түлүк алып, үйдө тамактанган жөн.

Бюджет эсебин пландоо

Киреше менен чыгымдын эсебин жүргүзүп, бюджетти пландай турган болсоңуз, акча жыйноо да оңой болот. Так эсептин аркасында чыгым да азаят.

Ушул талаптардын баарын аткаруу менен белгиленген убакта керектүү акчаны жыйнай аласыз. Ишиңизге ийгилик!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!