Телефон менен сонун сүрөткө кантип түшөбүз?

Телефон менен сонун сүрөткө кантип түшөбүз?
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:01

Таңдын атышы менен кечтин батышына чейин колунан телефон түшпөгөн адамдардын адаты азыркы убакта эч кимди таң калтырбайт. Бул түзүмдөр чыкканына өтө көп убакыт болбосо да, ата-бабабыздан калган мурастай көрөбүз. Анын пайдалуу жагы менен кошо, жаман жактары да жетиштүү. Бирок бүгүн биз сиздерге негатив эмес, позитив тартуулоону каалайбыз. Ал эми зыяндуу жактарын айтпасак да билет чыгаарсыз.

Телефондун эң утуштуу жери адамдар өзүнүн кайсы жактарда саякаттап, дем алып, уктап, шапар тээп же болбосо тамак жеп жатканын камерага түшүрүп, желе аркылуу достору менен бөлүшүүгө жакшы мүмкүндүк сыйлай алышат. Албетте, баардык адам жогорку сапаттагы же жакшы тартылган сүрөт сала беришпейт. Анткени, сүрөткө түшүү эрежелерин билбегендер үчүн башкысы – сүрөттө өз келбетинин жакшы көрүнүшүндө. Кээде телефонуңуздун камерасы ойдогудай сүрөткө тартпай, көңүлүңүзгө жакпай калышы мүмкүн. Анткени кесипкөй фотоаппарат болбогондон кийин сапаттуу сүрөттү тартуу кыялы алыста калат.

Бирок, телефонуңуздун камерасы сиз ойлогондон да зор мүмкүндүккө ээ экенин билесизби? Ал үчүн жөнөкөй жашоодо пайдаланган заттар гана керек. Эмессе жакшылап пайдалуу кеңештерге кулак түрүңүз.

Түнкү маалда таптакыр башкача кадр алууга болот. Ал үчүн картон кагазын же болбосо пластикке атайы фигураларды оюп, ошол материал менен камера бетин жабасыз. Түнкү көчөнүн жарыгы кагазга түшүп, болгону сиз ойгон фигура гана анык көрүнөт. Мисалы, бул сүрөттө, кагазга кичине адамдар бейнеси оюлуп салынган, кагаздын бүтүн жерине түшкөн жарык аркылуу тегерегине даана көрүнбөгөн элес берилет.

Кээде кичинекей нерселерди сүрөткө тартуу кыйынга турат. Себеби, сиздин телефонуңуздун камерасы мындай сүрөттөргө арналган эмес. Бирок, сиз эми кичинекей заттардын өзүн ойдогудай түшүрүүгө мүмкүндүгүңүз бар. Ал үчүн кыздардын чач жасагычы менен линзанын кичинекей бөлүгү гана кажет же болбосо ар түрдүү линзаны камера алдына койсоңуз болду.

Камеранын сапатсыз сүрөттөрүн оңдоп, чарчагандар атайы жасалган түрдүү каражаттарды пайдаланышат. Телефонуңуздун камерасына капрон колготкинин кичине бөлүгүн коюп же телефонду капрондун ичине салып тартсаңыз өзгөчө сүрөттүн күбөсү болосуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!