Пайдалуу майда кеңештер

Пайдалуу майда кеңештер
2-Дек. 2017, Ишемби, 15:11

Кол чатырды кантип сакташ керек?

Кол чатыр көпкө кызмат кылсын десеңиз, жамгырдан кийин, жайып кургатыңыз. Кургагандан кийин сөзсүз түрдө чогултуп коюңуз. Антпесе кездемеси чоюлуп калат. Темирлерин бирден сүртүп, май менен майлап туруңуз. Ошондо дат баспайт. Эгерде кол чатыр кирдеп калса, кургагандан кийин күчтүү демделген чайга щетканы малып тазаласа жакшы натыйжа берет. Ар кандай түстөгү кол чатырлар 5 пайыздык нашатырь спирти менен жакшы тазаланат.

Костюмдагы жалтырак

Костюмуңуз кирдегенден жалтырап калса, тазартып коюш оңой эле. Болгону нашатырь спиртинин аз пайыздагысына щетканы малып, костюмуңузду сүртүңүз. Кургагандан кийин, ным кездеме менен тазалайсыз. Ал эми жака, чөнтөк, жеңдеги жалтыраган кирди уксус менен суунун аралашмасы аркылуу кетирсе болот.

Эт өткөргүч боюнча…

(мясорубка)

Көпчүлүк кожойкелер эт туураганда өткөргүчтөн эти өтпөй кыйналышат. Мунун эң оңой жолу, 1 киллограмм этке өсүмдүк майынан 2-3 кашык куюп аралаштырса, өткөргүчтөн жеңил өтөт. Эт өткөрүп бүткөндөн кийин, артынан бир даана картошканы же болбосо катыган нанды өткөрүп жиберсе, өткөргүчтү жууганга да оңой болот. Өткөргүчтү отко кактап кургатпоо керек, анткени, анын бычактары мокоп калат.

Үтүктүн бетин тазалоо

үтүктүн бети карарып калса, кездемени уксуска салып, үтүктүн бетин сүртүңүз. Эгерде ал да жардам бербесе анда, мискей жууган айна менен сүртүп, үтүктүн бетин тузга малынган кебез менен тазалаңыз. Андан сырткары, кагазга туз сээп, үтүктүн бетиндеги такты кетирүүгө болот. Андан кийин нашатырь спирти менен тазалап койсоңуз, үтүгүңүз жалтырап калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!