Идиш-аяк жууган ден соолукка пайдалуубу?

Идиш-аяк жууган ден соолукка пайдалуубу?
6-Дек. 2017, Шаршемби, 16:32

Күнүмдүк жеңил физикалык көнүгүүлөр адамдын узартууга оң таасирин тийгизет. Өзгөчө жүгүрүү менен идиш-аяк жууган сыяктуу үй иштериндеги милдеттер пайдалуу экендиги аныкталды. Бул тууралуу “Journal of the American Geriatrics Society” журналында жарыяланган.

Изилдөөгө 65 менен 99 жаш курактагы 6 миң аял катышкан. Окумуштуулар изилдөөгө катышкандардын физикалык иш-аракеттерин бир жуму бою фитнес-тренерлер аркылуу көзөмөлдөп турушкан. Кийин дарыгерлер аялдардын ден соолугун 3 жыл бою байкоо салышкан.

Жүргүзүлгөн тажрыйбада күнүнө 30 мүнөт убактын физикалык кыймыл-аракетке бөлгөн аялдардын өлүмү, кыймыл-аракети аз аялдарга караганда 12 пайызга төмөн болгондугу аныкталган. Ал эми күнүнө 1 сааттык кыймыл өлүмдүн ыктымалдуулугун 39 пайызга төмөндөткөн.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, физикалык кыймыл-аракетке алып келген үй жумуштарына үй жыйноо, идиш жуу, ошондой эле таза абада сейилдөө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!