Көп убара тарттырбаган бөлмө гүлдөрү

Көп убара тарттырбаган бөлмө гүлдөрү
03-03-2017

Үй өсүмдүктөрүнүн жардамы менен үйгө жылуулук жана бейпилдик тартуулоого болот. Ошону менен бирге абаны да тазартат. Бирок баардык эле кожойкелердин аларды карап турууга убактысы жетишпейт. Төмөнкү өсүмдүктөр өзүлөрүнө көп убакыт коротпой өзүлөрү эле гүлдөй берчү гүлдөр.

Кливия

Бул өсүмдүктү күтүүдө гүлдүн идишин эки жакка алмаштыра бербеген оң. Эгер сиз кливияны өстүрүүнү кааласаңыз ал үчүн жер тандоо кыйын деле эмес, себеби кливия жарыкта да көлөкө жерде да өсө берет. Бул гүлдү кышкысын 15 күндө бир сугарып, ал эми жылуу күндөрү 5-7 күндө бир куюп койгон жетиштүү болот. 2 жылда бир гүл ачат.

Литопсы

Литопс өз алдынча сууну запастап коё алгандыктан, кургак жана ысык күндө 50 градуска чейин оңой туруштук бере алат. Кышкысын күтүү жана кам көрүү иштеринин кереги жок. Гүлгө жакшы жарык тийип туруусу жана салкын бөлмө температуурасы (12 градустан ашпаган) кажет. Күз жана жаз айларында 15 күндө бир сугарып коюу жетиштүү.


Крассула

Эң оңой күтүүнү талап кылган өсүмдүк. Ал эми бутагынан үзүлүп калган жалбырак тамыр байлап, өз алдынча өсүп кете алат.





Кротон

Бул бөлмө гулдөрүнүн ичинен белгилүүсү. Кротондун жаркыраган жалбырактары ар бир бөлмөгө өзгөчөлүк тартуулайт. Бул гүл 70 см бийиктикке чейин өсө алат. Көп түйшүк тарттырбайт жана ар бир үйдүн бурчунан орун ээлей алат.



Бромелия


Бромелия үйдө гана эмес, офистик кеңселерде да өстүрүүгө ыңгайлуу. Тропикалык өсумдүк чыдамкай, бат-баттан көчүрүп отургузууну талап кылбайт жана азыктандырууга көп муктаж болбойт.





Алоказия

Тропикалык өсүмдүктөрдүн ханышасы, түстүү жалбырактары менен өзүнө тартат. Бул экзотикалык гулдөрдү сүйүүчүлөрдүн назарын өзүнө бурат.




Фиттония

Фиттонния гулүнүн негизги талаптарынын бири бул жай күндөрү көбүрөөк суу куюп, чачыратып туруу керек. Бул гүлдүн көптөгөн түстүү жалбырактуу түрлөрү бар. Бир идиште бир нече жалбырактуу фитонияны өстүрсөңүз өзгөчө көрк берет.

Япон Аукубасы

Аукуба көлөкөнү жакшы көргөндүктөн күн тийген маалда бир аз көлөкө жерге коюу керек. Нымдуулукту талап кылат жана аздап сугарып туруу кажет. Температуранын тез-тезден өзгөрүүсүн оңой кабыл алат. Аукуба 1,5 м бийикке чейин өсөт жана ондогон жыл көздү кубантып турат.


Эпифиллум

Бул өсүмдүк көп сууну жана топурактын кургап калышын жактырбайт. Гүлдү аздап сугарып туруу зарыл. Ошону менен бирге ар убакыт анын бутактарын чачыратып суулап коюу кажет.




Хойя

Хойя гул өстүрүүчүлөр анын өзүнө болгон жөнөкөй талаптарына гана эмес, гүлдөгөн убактагы декоративдүү көрүнүшү үчүн да сүймөнчүлүккө ээ. Хойянын гүлдөрү гүлдөгөн жерине кайрадан гулдөй берген үчүн аны күтүү зарыл. Ал жылуу, жарык жана жел тийбеген жерди жактырат.


Сенполия

Жарык күн тийген жерлерди жакшы көрөт. Бирок күн түз тийбеген жана жел урбаган (18–24 °С) жер болуусу керек. Сенполияны терезе айнектерине тийбегендей коюу зарыл. Топурагы кургаган сайын жылуураак суу куюп койсо болот.


Монстера

Бул өсүмдүк чоң бөлмөлөргө коюулат, себеби 5 м. бийиктике чейин өсөт. Өзүнө көп көңүл талап кылбаган, бирок ар дайым суу чачыратып сугарып турууну жактырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!