Эмнеге аз акча табасыз?

Эмнеге аз акча табасыз?
7-Дек. 2017, Бейшемби, 16:35

Кош бойлуулуктун акыркы айларында жана төрөлгөндөн кийин алгачкы айларда жогорку температуранын кысымына көп кабылган балдар 30 жашында тең чамалаштарынан аз каражат табышат экен. Муну окумуштуулар билдиришүүдө.

Изилдөөчүлөр 1969-1977-жылдары төрөлгөн 12 миллион адамга талдоо жүргүзүшкөн. Алардын төрөлгөн жылы менен жери, жынысы, улуту менен киреше көлөмү, ошондой эле ошол кездеги аба ырайынын баалы эсепке алынган. Кош бойлуулуктун акыркы айларында жана төрөлгөндөн кийинки бир жылда 32°С ысыкта болгон балдар чоңойгондо аз акча табышкан. Курсактагы балдар менен жаңы төрөлгөн балдар ысыкка өтө сезимтал келишет. Себеби алардын нерв системасы жетиштүү өнүкпөгөн. Ошондуктан ысык баланын мээсинин өнүгүшүнө, андан кийин келечектеги проблемалардын пайда болушуан таасир берет экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!