Акчаңызды кайда сактайсыз?

Акчаңызды кайда сактайсыз?
15-Дек. 2017, Жума, 17:04

Сиздин акчаңыз каерде сакталат? Чочубаңыз, сөз банктык эсебиңиз же акча сактаган жашыруун жериңиз тууралуу болуп жаткан жок. Болгону акчаны кайсы жерине сактаганы боюнча психологдор ал адам тууралуу көп нерсени билип алууга болоорун тастыкташкан. Атүгүл адамдын финансылык абалы да ушул нерседен көз каранды. Мисалы...

Акчасын арзан капчыкка сактаган адамдар тобокелчиликти жакшы көргөн, сарамжалсыз, атүгүл жеңил ойлуу адамдар болушат. Ушул эле убакта колу ачык, алар менен мамиле түзүү жеңил. Мындай адамдар эртеңки күнүн ойлобой эле акчасын корото беришет. Бирок, аз да болсо дайыма жанында эң зарыл учурга керектүү акча жүрөт. Акчасын арзан капчыкка сактаган адамдар эч качан байышпайт.

Акчасын салуу үчүн кымбат капчык сатып алуудан акчасын аябаган адамдар бар. Алар өздөрүнүн имиджи үчүн кам көргөндү сүйгөн, айланасындагыларга материалдык абалы жакшы болуп көрүнүүнү каалаган адамдар. Эгерде акчаны өзүңүзгө тартууну кааласаңыз, дал ушундай кылуу туура экендигин айтат фен-шуй. Азырынча акчаңыз азыраак болсо, бирок, сиз келечекте бай болууну кыялдансаңыз, тамтыгы чыккан эски капчыгыңызды ыргытып, таза булгаарыдан тигилген жаңы капчык сатып алыңыз. Бирок, эсиңизде болсун, капчык кымбат эле болбостон, ачык түстүү да болууга тийиш. Ошондо акча ага оңой жол табат.

Сиздин акчаларыңыз жакшынакай капчыгыңызда тегиз, ирээти менен салынганбы? Психологдор мындай сапат үнөмдүү, сарамжалдуу адамдарга таандык экендигин айтышат. Алар бир тыйынын да ашыкча сарптагылары келбейт. Акчаны аябай сүйүшөт жана өздөрүнүн материалдык абалын көтөрүүдө ийгиликке жетише алышат.

Учурда көпчүлүк адамдар кредиттик карточка менен айлыктарын ала башташты, дүкөндөрдө соода кылганда карточка аркылуу төлөгөндөр аз. Эгерде сиз кредиттик карточканы чын дилиңизден жана эч кандай маселесиз пайдалангандардын катарын толуктасаңыз, анда жаңы нерселерди тез өздөштүрүп алууга жөндөмдүүсүз. Сиз мезгилдин талабына жараша бардык нерсеге өз убагында жетишүүгө аракет кыласыз, карьералык тепкичиңизди жогорулатып, бийликке умтуласыз. Ал эми сиз үчүн акча - ошол өзүңүз умтулган бийликтин символу.

Ал эми акчасын чөнтөгүнө сактаган адамдар - психологдордун ою боюнча, жакырчылыктан корккон адамдар. Алардын мээсинде такай "акчам түгөнүп калса эмне болот?" деген тынчсыздандырган ой жашайт. Көрсө, дал ушундай ойлор кедейчиликти чакырат экен. Андыктан, акчаны чөнтөккө сактоонун кажети жок.

Кимдир-бирөөлөрдүн акча сактоочу белгилүү бир жери жок. Алардын акчалары ар кайсы сумкаларында, чөнтөгүндө, столдун үстүндө, текчелерде деле жата бериши мүмкүн. Бул бир четинен сизде акча көп экендиги тууралуу ой жаратышы мүмкүн, экинчи четинен сиз акчаңызды так суммасын эч качан билбейсиз. Финансылык абалыңызды бекемдегиңиз келсе, бул адатыңызды таштап, акчага олуттуу мамиле кылууңузду эскертишет психологдор.

Өздөрүнүн айлыктарын такай жанына алып жүргөндөр - өздөрүнө ишенбеген адамдар. Аларды "кокусунан акча керек болуучу жагдайларга кабылып калбайын..." деген ой тынчсыздандыргандыктан, акчасын жанына алып жүрүшөт. Бул өтө деле жаман адат эмес, ошентсе да алардын ашыкча эле корко берүүдөн арылгандары жакшы. Анткени, кокусунан уурдатып же жоготуп алса, чоң суммадагы акчасынан көз ирмемде айрылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!