Сиздин телефондун укмуш сырлары, таң каласыз!

Сиздин телефондун укмуш сырлары, таң каласыз!
19-Дек. 2017, Шейшемби, 09:43

Керек болот баракчаңызга сактап коюңуз!

Уюлдук телефон биз билгендей жөнөкөй дүйнө эмес болуп чыкты. Өзүбүз кармап жүргөн телефонду беш колдой билебиз десек, жаңылышабыз. Себеби алардын биз билбеген ички сырлары толтура. Ошого байланыштуу телефонуңуздун сиз билбеген сырлары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Телефондун сырлары

1) 112 номерин терсеңиз, ал дүйнө жүзү боюнча тарайт. Бул өзгөчө жагдайда жардамга чакыруу номери. Ал өмүр бою номер сиз байланыш аймагынан тыш жерде болсоңуз да, телефонуңуз жабык режимде турса да иштей берет. Телефонуңуздан 112 номерин терип, байланышкан учурда тийиштүү орган сиздин турган жериңизди дароо аныктап тез жардам көрсөтөт.

2) Ачкычыңызды унаанын ичинде унутуп эшиги жабылып калды дейли. Эгер үйүңүздө кошумча ачкыч болсо барып, алып убара болбоңуз. Үйүңүздөгү адамга телефон чалыңыз. Ал ачкычты колуна алып, телефонго жакындатып баскычты басат. Ошол маалда сиздин унааңыздын эшиги ачылат. Ортодогу аралык канча болсо да баары бир. Миң чакырым жерде болсо да ушундай ачып аласыз, болгону телефон коңгуроосу жетсе болду.

3) Телефондун ичинде сакталып турган кошумча кубат болот. Мисалы сиз коңгуроо күтүп турасыз. Ал эми ошол маалда телефондун заряды өчүп калды. Андайда телефондун резервдик акумляторын кошууга болот. Ал үчүн *3370# сандарын териңиз. Ошол учурда телефонуңузда сакталган кошумча кубат ишке кошулуп 50 пайыздык заряд берет. Сиз каалаганча пайдалана бересиз. Ал эми кийин сиз телефонуңузду кубаттаганда резервдик аккумлятор кайра кубаттанат.

4) Телефонуңузду уурдап кеткенде аны кантип жабык режимге койсо болот?

Телефонуңуз жаныңыз да жүргөндө анын сериялык номерин билүү үчүн (жылдызча торчо 06 торчо) белгилерин тересиз. Экраныңызга 15 сандан турган код чыгат. Ар бир телефондун ушул сыяктуу жеке коду болот. Аны көчүрүп алып сактап коюңуз. Эгер телефон уурдалган кезде жогорудагы кодду операторго маалымдаңыз. Оператор сиздин телефонду жабык режимге салып коёт. Андан кийин анын СИМ картасын алмаштырган кезде да пайдалануу мүмкүн болбойт. Албетте телефонуңузду кайтара албайсыз, бирок аны алган адам да пайдалана албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!