Интернетсиз калганда

Интернетсиз калганда
22-Дек. 2017, Жума, 11:42

Үйүңүздө интернет өчүп калды же болбосо акчасын төлөбөгүнө байланыштуу интернет токтоду дейли. Бирок сиз сарсанаа болбоңуз, интернетсиз да жашоо бар. Унуткан жок чыгаарсыз, буга чейин интернет жок да адам баласы жашап келген. Ал эми азыр интернет жок болсо эмне кылса болот?

Китеп текчесин жыйнап чыгыңыз. Китептерди алфавит боюнча коюп, ичинен мурун окуган китебиңизди алыңыз.

2. Үй жынаңыз. Кийим салган шкафтарды бир сыйры кайрадан жыйнап чыгыңыз.

3. Ойлоруңузду кагаз бетине жазыңыз. Кийинки айга план куруңуз.

4. Үй жаныбарлары менен убакыт өткөрүңүз (эгер бар болсо).

5. Уктаңыз. Түштөр да сериал сыктуу кызыктуу болот.

6. Досторуңузга телефон чалыңыз. Алар менен эркин өткөн-кеткенди сүйлөшүңүз.

7. Туугандарга барып же чалып кабар алганды унутпаңыз.

8. Үйүңүздө бузулуп жаткан заттарды оңдоңуз. Жыртылган кийим-кечегиңиз болса тигиңиз.

9. Балконду жыйнап чыгыңыз. Балкон адамдардын заттарды сактоочу склады сыяктуу. Ошондуктан балконду жыйнактуу кармаңыз.

10. Музыкалык аспаптардын биринде ойноңуз. Фортепиано, гитара сыяктуу музыкалык аспаптар сизге пайдалуу болот.

11. Сейилдеңиз, кыдырыңыз.

12. Киного барыңыз. Жана кийин интернетке караганда, кинотеатрдан көргөн да пайдалуу жана кызыктуу болгонун байкайсыз.

13. Спорт менен машыгыңыз. Жүгүрүңүз, көнүгүүлөрдү жасаңыз.

14. Тамак даярдаңыз. Дамдуу тамактардын рецептерин карап чыгыңыз, ашканага кирип тажрыйба топтоңуз.

15. Эски фотоальбомдорду карап чыгыңыз. Бала кезиңизде кандай элеңиз, азыр кандайсыз? Өзгөрүштөр көп экенби?

Дүйнөдө интернетсиз да кызыктр көп. Болгону изилдеп чыгыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!