2018-жылы кайсы адистер жумушунан кыскарат?

2018-жылы кайсы адистер жумушунан кыскарат?
9-Янв. 2018, Шейшемби, 09:52

Адистер 2018-жылы кандай кесиптеги жумушчулар жумушунан кыскаруусу мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу россиялык гезитке шилтеме берип “belive.ru” сайты кабарлады.

Эксперттердин пикири боюнча, call-борборунун операторлору, бухгалтерлер, камсыздандыруу адистери, маалыматты ишке ашыруучу операторлор, модераторлор менен ишин мыкты билбеген юристтер жумушунан айрылып калуу коркунучу күтүп турат.

Аталгандай, бул тармактагы кызматкерлер жумушунан кыскарып калуусу автоматташтырылууга байланыштуу.

Ошону менен бирге «криптовалютада» кызмат көрсөткөн адистердин кызматында туруксуздук орун алуусу ыктымал.

Бул жагдай миграцияга, тагыраак айтканда, кызматкерлердин бир уюмдан экинчисине көчүшүнө алып келиши мүмкүн деп билдиришет.

Ошондой эле, 2018-жылы кайсы адис ээлеринин жумушунда туруктуулук болоору да айтылды. Ритейл тармагынын жана ресторан бизнесинин адистери, жеткизүүчүлөр (курьер) менен айдоочулардын жумушунда азырынча туруктуулук сакталат. Себеби бул тармактагы автоматташтыруу процесстери жай жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!