Бадам жаңгагы балдарга да, чоңдорго да пайдалуу

Бадам жаңгагы балдарга да, чоңдорго да пайдалуу
11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:08

Эгер күндө бир аз өлчөмдө бадам жаңгагын жеп отурса, адам күнүмдүк тамак рационун бир кыйла жакшырткан болоор эле. Бул балдарга да, чоң адамдарга да өтө пайдалуу.

«Бадам (Миндаль) – өсүмдүк белогу, маанилүү майлуу кычкылдары, Е витамини, магнийдин булагы», - деди Флорида университетинин доктору Алисса Бернс.

Муну анкытоо үчүн 14 жумалык изилдөө жүргүзүлдү. Анда бадам адам ден соолугун өзгөрткөнү байкалга. Ыктыярчылар тобуна (29 жуп ата-эне менен балдар) чоңдордун басымдуу бөлүгү 35ке чейинки адамдар катышкан. Ал эми балдар 3-6 жаштагы топко бөлүндү. Балдарга 14 грамм бадам майын, ата-энелерге - күн сайын 14 грамм бадам жаңгагы берилип турган.

Изилдөөдө рацион сапатын арттыруга жардам бергени аныкталган.

Аныктама:

Бадам, миндаль (Amyg-dalus) – роза гүлүнүн тукумуна кирген бакже болбосо бадал өсүмдүгү.

Бадамдын бийиктиги 6-10 м, формасы - пирамида сыяктууу келет.

Бадам жалбырагы

Жапайы түрү бадал сыяктуу өсөт, бутакчалары тикенектүү, тамырлары топуракка терең байланат. Бадам жемиши данектүү, салмагы 0,6 - 5,4 г. Жемиш таттуу же болбосо кычкыл болот.

Жемиши таттуу болгондорунун курамында 40 - 80 г май, 20 - 25 грамм белок, 5 грамм кант бар. Ал эми жемиштин ачуу сортторунда 2,5 грамм эфир майы (амигдолин) кездешет.

Бадам бактары 100 жылдай жашайт, 30-40 жыл жакшы жемиш берет. Жаңы отургузулгандан кийин 3-4 жылда мөмө байлап, жемишин бере баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!