Чайниктеги кеберди кантип кетирсе болот?

Чайниктеги кеберди кантип кетирсе болот?
9-Март 2017, Бейшемби

Чайниктерге крандан аккан хлор кошулган суудан улам кебер пайда болот. Бул кебер көбүнчө майда бөлүкчөлөрдөн турат жана чыныга куюлган чайыбызга да агып чыгат. Чайниктин түбүндөгү кеберден кантип кутулууга болот?

Ал үчүн чайникке бир стакан уксус кислотасын куюп, аны 20 мүнөт кайнатып, төксөңүз чайнектин түбүндөгү кеберден тазаланганын байкоого болот. Уксустун ордуна лимон кислотасын да колдонсо болот. Ал үчүн 1 аш кашык кислотаны 1 литр сууга кошуп кайнатабыз. Түнү менен калтырып, эртең менен чайкап жууп коюу керек.

Такыр чыкпай калган учурда чайникке суу куюп, 1 аш кашык сода салып жарым саат кайнатыңыз. Бул сууну төгүп таштап кайрадан таза сууга 1 аш кашык лимон кислотасын кошуп жарым сааттай дагы кайнатасыз. Ушул эле процессти кайрадан үчүнчү ирет кайталайсыз бул жолу 0,5 аш кашык уксус кошуп кайнатасыз. Жакшылап, тазалап, жууп кеберден арылса болот.

Эскертүү! Эгер сиз лимон кислотасынын концентратын же уксус эссенциясын колдонуп жаткан болсоңуз чайнекти кайнатуунун кереги жок, жөн гана чайникти бир нече убакытка таштап койсо кебер өзүнөн-өзү эрип түшүп калат. Ашкана кислоталарынын концентраттарын электр чайниктери үчүн колдонуу сунушталбайт.

Белгилүү болгондой чайниктердеги кеберди тазалоо үчүн таттуу газдалган сууну да колдонсо болот экен. Суусундукту чайниктин ичине куюп, жогоруда маалымдалгандай аны кайнатып, төгүп, чайкоо керек. Белгилей кетчү жагдай суусундуктун газын чыгарып салуу жакшы жана чайникти толтурбай жарымынан гана куйса болот. Бул ыкманын иштешинин себеби суусундуктун курамында кислота бар.

Элдик ыкмалардын бири бул картошка кабыгынын жардамы менен да кеберден кутуулу болуп саналат. Кортошка кабыгын жууп, аны чайникке салып, бир нече жолу кайнатып чыгыңыз. Картошка кабыгына кошумча алма кабыгын да кошсо болот, себеби алмада да кислота болот.

Дагы бир ыкма атайы кебер чыгаруу үчүн каражаттарды колдонууга да болот. Азыркы күндө дүкөндөрдөн түрдүү ассортименттеги ар кандай фирмалардын каражаттарын сунушташат. Аларды колдонуу стандарттуу: кеберден арылуу үчүн чайникти каражаттардын жардамы менен кайнатуу керек. Аны бир нече убакыт күтө туруп, төгүп, чайкап жууп салуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!