“SMM” деген эмне?

“SMM” деген эмне?
16-Янв. 2018, Шейшемби, 14:40

Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында, журналистика тармагында жүргөн адамдардын арасында, маркетологдордун башы бириккен жерде – “SMM” тууралуу айтылып жатат. Бири түшүнсө экинчиси ал эмне деген суроо узатып келишет. Дуйнөнү каптап келе жакан чоң куралдардын бири – “SMM” болуп саналат. Мындан улам “SMM” эмне деген суроо туулат?

“SMM” (Social Media Marketing) – дүйнөлүк желедеги маркетинг. Бул социалдык тармактагы жумуштун маркетинг аркылуу жүргүзүү тартиби. Жөнөкөй тил менен айтканда медиа тармагындагы соода-сатык түрү.

“SMM” – бул сайттардагы, социалдык желелердеги, блогерлердин жана форумда талкууланган, эң ыңгайлуу жумуш түрүн сунуштаган жер. Колдонуучулардын көңүлүн буруп, товарды сатып алуу үчүн жарнама жасалат. Баардык адамдардын бирдей ишенимине кирүү мүмкүн эмес, бирок товарды сатууга болот. Азыркы кезде бул түшүнүк калыпташып келе жатат жана өнүгүп келе жаткан сооданын өзгөчө бир түрү. Телепрограммалардагы аудиторияга караганда “SMM” боюнча жыйналган адамдардын карашы көп. Себеби мында болгону жарнамага гана көз салып койбойсуз, тийиштүү түрдө сунушталган товар менен таанышып чыгасыз. “ SMM” аркылуу кандай маселелрди чечүүгө болот:

– Брендди калыпташтыруу, брендди өнүктүрүү;

– Белгилүү кыла аласыз;

– PR;

– Белгилүү бир мекеменин же компаниянын сайтын иштетип кете аласыз.

Чакан жана орто бизнестеги “SMM” маселеси күн өткөн сайын өнүгүп, баардык тармактар менен белгилүү адамдар аталган маркетингди колго алып, назар бурушуда.

“SMM” колдонуу жолдору:

– Кураштыруу, кооздоо, түрдүү багыттагы маалыматтар жана блогтор менен бөлүшүү;

– Блогду ар дайым жүргүзүү;

– Атайы бир тармак боюнча колдонуучулар менен талкуу жаратуу, ар дайым активдүү иштөө, билдирүүлөргө жооп берүү;

– Беделдүү компаниялар же болбосо форумдарды уюштуручулар менен маалыматтык кеңештик арыклуу иш алып баруу;

– Түз эфир жарнамасы менен алектенүү;

– Виртуалдуу маркетинг.

“SMM” баштаганда эле дароо натыйжа бере бербеши мүмкүн, бирок убакыт өткөн сайын сиздин айланаңызда чоң аудитория жыйналып жана сатуу иштери да илгерилей баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!