Азык-түлүккө акчаны кантип үнөмдөсө болот?

Азык-түлүккө акчаны кантип үнөмдөсө болот?
17-Янв. 2018, Шаршемби, 10:00

Жалпысынан карай келгенде, ар бир эле үй-бүлө ай сайын алган айлыгынын көпчүлүк бөлүгүн "куураган кекиртекке" сарптайт. Азыркы кымбатчылык заманда "акча ичкен-жегенден ашпай атат…" дегендер да аз эмес. Демек, биз акчаны үнөмдөөгө, сарамжалдуу болууга үйрөнүшүбүз керек.


Эч качан ачка бойдон соода кылууга барууга болбойт. Курсагыңызды тойгузуу үчүн ар кайсыны сатып жеп, ашыкча чыгымга учурайсыз.

Базарга барганда жаныңызга кичинекей тараза ала жүрүңүз. Антпесеңиз кээ бир сатуучуларга алдатып жибересиз. Мисалы, 850 грамм картошканы 1 килограмм деп сатып жибергендер кездешет.

Соода кылууга барардын алдында баракка керектүү гана товарлардын тизмесин жазып алыңыз. Бул сизди керексиз жана ашыкча нерселерди сатып алуудан сактайт.

Соода кылганда дайыма калькулятор колдонуңуз.

Жайында дарбыз-коон, анделекти, кышында ашкабакты ж.б.у.с. кесимдерге кесип, кымбат сатышат. Андан көрө аларды бүтүн бойдон сатып алсаңыз утуш сиздики.

Супермаркеттерде эң кымбат товарлар дайыма үстүңкү, арзаныраактары ылдыйкы текчелерде болот.

Эгерде витамин алгыңыз келсе, анын ордуна кургатылган мөмө-жемиштерден сатып алыңыз. Бул сиз үчүн арзанга турат. Анткени, жакшы витаминдер өтө кымбат.

Дүкөндөгү целлофанга оролгон нан оролбой сатылган нанга караганда кымбат болот. Ошол эле дүкөндүн таңгакталган печенье-момпосуюн базардан сатып алса арзанга түшөт. Ушул эле көрүнүш ушул сыяктуу кээ бир башка товарларга да тиешелүү.

Ар жылы күзүндө бир жылга жеткидей кылып ашкөк, болгар калемпирин туздап, жашылча, мөмө-жемиштерди консервалап жана как кургатып алсаңыз, булар да бир жылдык капчыгыңыз үчүн үнөм болуп саналат.

Лимонад, муздак чай жана башка суусундуктарды сатып алып ичкиче кургатылган мөмө-жемиштерден компот жасап ичсеңиз ден соолугуңузга да, капчыгыңызга да пайдалуу.

Татымалдарды сатып албаңыз. Алардан организмге эч пайда жок. Андан көрө ал акчага жашылчаларды сатып алганыңыз оң.

Баарын бир дүкөндөн сатып алуу зарыл эмес. Балким, сиз алып жаткан товарлардын кайсы бирөөсү башка дүкөндө арзан болушу ыктымал.

Базарга, дүкөнгө барарда үйдөн баштык алып алыңыз. Ар бир соода кылган сайын баштык сатып ала бербеңиз.

Дүкөндөрдөн тоңдурулган даяр азыктарды, тез даярдалуучу даяр тамактарды сатып алуудан качыңыз. Жакшысы, өзүңүз үйдөн эринбей жасап, бышырып жеңиз.

Эгер кайсы бир супермаркеттен "туруктуу кардардын картасын" алып калсаңыз таштабаңыз. Ал сизге ошол эле супермаркеттен товарларды арзаныраак баада алып турууңузга өбөлгө түзөт.

Азык-түлүктөрдү дүң баада саткан жерлерден алсаңыз акчаңыз ашык кетпейт. Ошондой эле эч болбосо бир жумага жеткидей кылып сатып алып койгонуңуз дурус. Ал эми чай, кумшекер, макарон, татымал сыяктуу узак убакытка сакталуучу товарларды бир канча айга жеткидей кылып алыңыз.

Мөмө-жемиш, жашылчаларды супермаркеттерден эмес, базардан сатып алыңыз. Мындайда сатуучу менен сүйлөшүп, алардын баасын өз баасынан да төмөн түшүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!